Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш атайын кайрылуу жасап, пандемиянын токтой турган түрү жоктугун, кадимки жай турмушка кайтып келүү жѳнүндѳ азырынча сѳз кылуу эрте экендигин билдирди.
Анын айтымында, коронавирустан 1 млн. адам кѳз жумган, бул коркунучтуу кѳрсѳткүч. Ал бул жѳн эле сан эмес экенин, бул кѳрсѳткүчтүн артында конкреттүү адамдардын ѳмүрлѳрү турганын, кимдир бирѳѳлѳрдүн ата-энелери, ага-инилери, жубайлары, жолдоштору, жакындары, кесиптештери турганын айтты.
“Дүйнѳ буга чейинки кетирген катачылыктардан сабак алса, вирусту жеңет деп ишенем. Ѳлкѳлѳрдүн ѳкмѳттѳрүнѳ, жѳнѳкѳй жарандарга кайрылып, ар бирибиз ѳзүбүздүн, жакындарыбыздын ѳмүрлѳрүнѳ жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырам. Вирусту жеңүү үчүн талаптарды аткарып, адистердин айткандарын угуп, жалган маалыматтарды тарткатпай, физикалык аралыкты сактап, беткап тагынып, колду убагында жууп турушубуз керек”,- деди БУУнын Башкы катчысы.
Булак: "Майдан.kg" газетасы