- Президент Сооронбай Жээнбеков бюджетти толтурган негизги мамлекеттик мекемелердин өзүндө коррупция токтобой жатканын айтты го. Эмеге коррупция токтобой жатат?
- Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Жээнбеков бул орчундуу жана талуу маселе боюнча 3 жылдын жыйынтыгын чыгарды жана коррупция менен аёосуз күрөштүн мамлекеттик жаңы стратегиясы кабыл алынды. Жыйынтык жаман эмес, бирок жетишсиз. Себеби, бул мезгилде негизинен майда-чүйдө чабактар кармалып, акула менен киттер акталып чыгып жатты. Экономикалык майда кылмышкерлик менен ири коррупцияны өзүнчө бөлүп караш керек. Тилекке каршы буга биздин саясий эркибиз жетпей жатат. Эл арасында коррупция менен жалгыз эле президент күрөшүп жаткандай сезилет. Эмне үчүн бул ишке Өкмөт, Жогорку Кеңеш, министрлер жана облус, райондордун жетекчилери катышпайт. Эмне үчүн алар байкоочулуктун милдетин аткарып калышкан? Эмне үчүн республикадагы миңдеген чиновниктер коррупция менен күрөшкөндүн ордуна тескеринче анын башында туруп калышкан? Бул эмне деген жоопкерсиздик?! Менин оюмча, жаңы Жогорку Кеңеш шайлангандан кийин президент Жээнбеков Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын так аныктап, алардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышы керек. Кыскасы, бийликтин бардык бутактарынын натыйжалуу иштешине жана ага түздөн түз жооп беришин камсыз кылуу зарыл. Анткен себеби, Конституция боюнча президент бийлик бутактарын ырааттай алат жана катуу көзөмөлгө алууга ыйгарым укугу бар. Президент Конституциянын так жана толук аткарылышынын кепили болуп саналат. Экинчиден, коррупция менен күрөшүүгө жалпы коомду тартуу керек. Ал үчүн бул иштер ачык жана айкын жүргүзүлүшү зарыл. Бул жагынан алганда жаңы Стратегиядагы коррупцияга бөгөт коюу максатында коомдук көзөмөлдү орнотуу жөнүндөгү мыйзам кабыл алуу сунушун толук колдоймун.
- Чуулгандуу ишке аралашкандар кара жанын коргоо үчүн мандат алууга ашыгып жатышабы же элди тоготпогону үчүн депутат болууну көздөп жатышабы?
- Бул биринчи кезекте өздөрүнүн мыйзамсыз бизнесин коргоп калуу аракети жана көздөрүн май басып, элди чымынга теңеп калгандык. Кыскасы, бул көпкөндүк. Көпкөндүктүн аягы кайдан чыгаарын булар түшүнбөйт экен да.
- Баса, үгүт учурунда 50 миң сом сүйүнчү пул бергени үчүн “Дастан Жумабеков шайлоодон четтетилиши керек. Ал берген каражат пара бергенге барабар”- дегендер чыкты го. БШК неге Жумабеков бузган мыйзамды эске алган жок?
- 50 миң сом сүйүнчү берген Дастан Жумабековдун кылыгы – бул бир эле учурда пара бергендикке жана добушту сатып алууга аракет кылгандыкка жатат. Мыйзам чыгаруучу бийликтин башында турган Дастан Жумабековдун мыйзамды буту менен тепкендиги – бул чектен чыккандык да. Ал эми БШКнын мындай терс окуяга кайдыгерлик менен мамиле кылгандыгы акылга сыйбаган иш.
- БШКнын акыркы мезгилдеги чуулгандуу чечимдери мыйзамга дал келеби?
- Тилекке каршы БШКнын чечимдери мыйзамга туура келбегендигин акыркы окуялар даана көрсөттү. Кара кылды как жарган чындыкты айтсак, Борбордук шайлоо комиссиясы абдан начар иштеп жатат. Мындай кебетебиз менен алыска кете албайбыз. Башкача айтканда БШКны тез аранын ичинде реформалап, анын ишин түп тамырынан бери өзгөртүү талапка ылайык.
- Партиялардын программасы ишке ашса, экономика көтөрүлөт деп ишенсек болобу??
- Партиялар экономикага күйүп, көтөрмөк тургай, аны таптакыр түшүнбөйт экен. Кээ бир партиялар өлкөнүн улуттук кирешесин бир жылда 15 пайызга өстүрөбүз десе, башкалары аны эки эсе көбөйтөбүз деп убада берип жатышат. Бул жөн эле куру кыйкырык да. “Айыл чарбасын алдыга жылдырабыз”- деген лозунгдар көп, бирок аны кандайча жолдор жана ыкмалар менен ишке ашыруусу так көрсөтүлгөн эмес. Анткен себеби, көп сандаган талапкерлердин ичинде адистер жана илимпоздор жок. Экономист жана финансист анда-чанда гана жолугат. Адабият жана маданияттан, деги эле интеллигенциядан эч ким жок. Тескерисинче, депутаттыкка талапкерлердин басымдуу көпчүлүгү чириген бай-манаптар жана олигархтар, эски депутаттар жана элди тажаткан физиономиялар.
Булак: "Майдан.kg" газетасы