- Турсунбек мырза, президентибиз Сооронбай Жээнбеков РФ башчысы В.Путин менен жолугуу учурунда Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып, “өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жатат” деди. Алар кимдер?

- Чынында шайлоодон кийин Белоруссияда күч алган  абал дүйнөнү тынчсыздандырып жатат. Батышчыл мамлекеттер Белоруссиядагы шайлоо процессине кийлигишип, 40 күндөн ашык убакыттан бери жол тосуулар, пикет, митингдер, камоолор токтой элек.  Мен Белоруссиянын президентин колдобойм. Анын диктатордук жактары бар экенин билем. Бирок, шайлоодо белорус эли кимди шайлайт, ал өздөрүнүн укугу экенин айтып жатам. Батыштын абалды курчутуп, кийлигишип, митингчилерди каржылап, эл аралык мыйзамдарды бузуп жатканы туура эмес. 
Шайлоодон кийин башка өлкөлөрдө толкундоо болуп жаткандан кийин биздин президент да Путин менен жолугушуу учурунда тынчсызданганын билгизди. Анткени, айрым саясатчылар депутат Марат Аманкуловдун сөзүн айтып, “Россияга губерния кылганы жатат”- деп, чыр чыгаруунун, маселе жаратуунун аракетин көрүп жатышат. Чынында Россия бизди кошуп алайын деген түк дагы ою жок. Путин бизге боордош, тилектеш, тең ата өлкө катары мамиле кылып жатат. Бирок, батышчыл күчтөр Россия менен Кыргызстандын достугун да, өз ара кызматташып, өнөктөш болгонун да туура көрбөй, Россияны да, президентти да сындап жатышат. Кандай болгон күндө да Россия бизге чоң жардамдарды берип, карыздарды кечип, кыйын мезгилде колдоду. Пандемия учурунда дагы врачтарынан бери жөнөтүп, материалдык, моралдык колдоо көрсөтүштү. Ага болбой, батышчыл күчтөр ыңгайы келсе да, келбесе да биздин мамилени бузгусу келип, каралоо менен алек болуп жатышат.
Менимче Путин менен жолугушуу учурунда президент батыштын саясатын колдогон күчтөр тууралуу айтты окшойт. Анткени, шайлоо бүтсө, ийгиликке жетпей калган 10 чакты партияны кошуп алып, митинг кылабыз деп тишин кайрап тургандар бар. Шайлоодон көп добуш алалбай калган партиялар жеңилгенин мойнуна албай,  ачууга алдырып, аларга кошулушу мүмкүн. 

- Батыш айрым партияларды каржылап жатат деген маалыматка ишенсек болобу?

-Ишенсек болот. Анткени, АКШнын республикалык институту, анын илимий  борбору да Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат. Айтайын дегеним, АКШнын илимий борбору ЮСАИДдин каржылоосу менен Кыргызстанда “сиз кайсыл партияны популярдуу партия деп эсептейсиз?”- деп провокациялык сурамжылоо жүргүзүшкөн. Биринчи орунга КСДП партиясын, экинчи орунга “Ата Журт”, үчүнчү орунга “Ак Жол” партиясын  чыгарышкан. Ошондуктан, “Батыш кээ бир партияларды колдобойт”- деп эч ким кепилдик бере албайт. Бизге “Реформа” деген партияны Америка каржылап жатат деген маалыматтар түшүп жатат. Бир жигит Америкадан келип, дагы бир кыз башка мамлекеттен келип, моралдык дагы, материалдык дагы жардам берип жатат деген  маалыматтар бар. Коомдук изилдөө жүргүзүп, териштирип, аныгын билгенге аракет кылып жатабыз. Буюрса, жыйынтыгын коомчулукка маалымдайбыз. 
Бул маалыматты айтып жатканымдын да жөнү бар. “Реформа”жетиштүү добуш ала албай калса, Клара Сооронкулова Светлана Тихоновскаянын ролун аткарууга камынып жатат. Себеби,  үч жолу митинг уюшулган “РЕакция” митингинин да башында батыш турганы боюнча маалыматтар бар. 

- Кыргызстандагы оппозициялык партиялардын түбү барып Батышка такалабы?

- Антип айталбайм. Бирок, эки партия Американын камчысын чабат. Тагыраагы, бир партия жер-жерден добуш деле алалбайт, бирок, Американын институттары менен иштешет. Америкачыл көз караштагы жаштар менен тыгыз байланышта болгон үчүн аларды АУЦАнын мугалимдери, американын эл аралык уюмдары колдошот. Мына ошол партия элди дүрбөтүүгө болгон күчүн жумшайт.

- Марат Аманкуловдун сөзү да бир топ чырга себеп болду. Батышчыл партиялар ал маселени эгемендикке күйгөнүнөн көтөрдүбү?

- Марат Аманкуловдун сөзү чоң талкуу жараткандыктан мен кунт коюп уктум.  30 жылдык көз карандысыздыгыбыз  тууралуу ойлонууга мезгил жетти. Биз Евразиялык жолдо гана чыныгы мамлекет боло алабыз. Субъектибизди жоготпош үчүн Евразиялык мамлекетке интеграция болушубуз керек деген сөздөрдү айтыптыр. Бул сөз кандайдыр бир деңгээлде көз карандысыздыкка шек келтиргендей да кабылдасак болот. Ошол эле мезгилде жаман ой менен айтпаганын да түшүнсөк болот. Анткени, алтайлык окумуштуу, РФнын Мамлекеттик думасынын депутаты Кыргызстан, кыргыздар тууралуу жакшы пикирин айтыптыр. “Манас” баарыбызга белгилүү эпос, кыргыз каганатын  бардык мамлекеттер тааныган деген оюн айтыптыр. Ошол Алтайлык окумуштуу “Биз Евразия элдери Евразия маданияты аркылуу славян элдери менен түрк элдери биргелешип, ынтымактуу жашап келгенин таанып, бул чөлкөмдөгү элдердин жакындашуусун камсыз кылышыбыз керек” деген оюн айткан. Аны коштоп, Марат Аманкулов Евразиялык экономикалык зона боюнча интеграция бололу деген оюн айтыптыр. Россияга кошулуп алалы деген эмес.
Ошон үчүн Марат Аманкулов көз карандысыздыкка каршы ойду айтты дегенден алысмын. Кеп анын “Биримдик” деген партияны жетектегенинде болуп жатат. Ошон үчүн анын сүйлөгөнүнө баары асылып, түпкүлүгүндө президентке атака кылып жатышат.  “Реформа” партиясына жана анын лидерине биздин эгемендүү болгонубуздун өтө кереги бар деп айталбайм. Алар митингге көз карандысыздыгыбыз үчүн чыккан жок. Алар 4-5 октябрга карата парламентке өтпөй калган партиялар пикетке чыгуунун генералдык репетициясын жасап жатышат. Чыныгы патриот болушса, Аманкулов айткан мезгилде эле чыгышмак. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы