Коронавирустун дагы улануусунун бетин ары кылсын. Бирок Microsoft компаниясынын негиздѳѳчүсү Билл Гейтс коронавирус пандемиясы 2022-жылы токтошу ыктымалдыгын айтты. Ар дайым айткандары болуп келген атактуу миллиардердин бул айтканына маани бербей коюуга да болбойт. 

Анын айтымында, 2021-жылы илдетке кабылгандар боюнча сандарды азайтууга аракет кѳрүлүшү керек. “Нормалдуу жашоого кийинки жылдын жайында гана жетишебиз. Анүчүн коронавируска каршы күрѳш бүт дүйнѳдѳ уланышы керек. Ошондо COVID-19дун кайрадан жайылбашынын кепилдиги пайда болот”, - деди ал. 
Демек, коронавирустан такыр эле кутулдук деп, эч кандай сактануу эрежелерин аткарбай коюуга али эрте. Ар бирибиз ѳзүбүзгѳ, жакындарыбызга сак болуп, беткап тагынып, этияттанып жүрүүбүз керек. Кыргыз ѳкмѳтү да илдеттин жайылуусун алдын алып, тийшелүү чараларды кѳрүүсү зарыл. Азыртан сактануу тартиптерине ѳтѳ баштасак ашыктык кылбайт. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы