Анын бетин ары кылсын. Бирок COVID-19 менен ооругандардын саны кѳбѳйгѳнүнѳ байланыштуу кыргыз ѳкмѳтү Баткен облусунда коомдук транспорттун жүрүүсүн токтотуп, баткап режимин киргизди. Мындай чечимди облустук штаб кабыл алды. 

Чечимге ылайык, райондор жана облустар ортосунда каттаган коомдук  транспорттордун иши токтотулду. Ошондой эле мал базарлар жабылып, мечиттерде жума намазын окууга тыюу салынды. 
Мындан сырткары, облустун жашоочуларына беткаптар менен жүрүү милдеттендирилди. Ал эми облустун аймагына кирген Тажикстан, Ѳзбекстандын жарандары ПЦР-анализин тапшырып, анын жыйынтыгы тескери болушу зарыл. 
Коомчулукта айтылып, жазылып жаткандай, илдеттин экинчи толкуну келгенден кудай сактасын. Бирок тилекке каршы, вирустун кайра келбеши үчүн эч нерсе деле кылган жокпуз. Тартип, талап, нормалар жетиштүү деңгээлде аткарылган жок.  Кудай да сактанганды сактайм дейт, андыктан ар бирибиз  беткап тагынып, социалдык дистанцияны сактап, санитардык талаптарды бекем аткарып, илдеттин кайрадан келүүсүнѳ жол бербейли. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы