Блиц инфо: 
Аты-жөнү: Өткүрбек Рахманов
Туулган жылы: 27.01.1988-ж
Туулган жери: Сузак району, Бек-Абад айылы
Билими: жогорку, ОшМУ
Кесиби: химик, эксперт-криминалист.
Үй-бүлөсү: үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.

Ата-энем 10 жылдан бери мигрант

- Менин азыркы учурда эки уул, бир кызым бар. Кичинекейибиз жакында төрөлдү. Үй-бүлөдө ата-энемдин эң чоң уулумун, менден кийин үч иним, бир карындашым бар. Учурда ата-энем, карындашымдан сырткары бир туугандарымдын баары үй-бүлөлөрү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарында. Алар 10 жылдан бери ошол жакта иштешет. Мен өзүм да алгач 5 жыл ошол жакта иштеп келгем. Аскердик наам боюнча запастагы лейтенантмын. 

Журналисттик эмгек жолум “7-каналдан” башталган

- Журналистика жаатынан алганда алгачкы эмгек жолумду 2014-жылы “7-каналдан” баштагам. Ошол жерден телевидение түшүнүгүн үйрөнүп, 2019-жылдын август айына чейин иштедим. 2019-жылдын аяк ченинде Жалал-Абадда “Регион” телеканалын түптөдүк. Жакында бул телеканалга да бир жылдын жүзү болот. Ушул аралыкта телеканал кандай жетишкендиктерге жетти, ийгилик-кемчиликтерине бир гана эл баа бере алат. 

Мамлекеттик системанын чиригенин ошондо көрдүм...

- Мен балалыгымдан сот болом дечүмүн. 6-классымдан тарта КГБ (коопсуздук кызматы) жөнүндө фильмдерди көрүп, мен КГБщник болом деп максат кылып баштадым. Ата-энем “бул кесиптин ээси болом десең, бардык сабакты жакшы окушуң керек”- деген. Мен ишенип, сабактарды жакшы окудум, спорт менен машыктым. 9-класстан тарта каратэге да бара баштадым. Каратэ боюнча кара курдун ээсимин. Мындайча айтканда 6-классымдан тарта мен өзүмдү КГБга даярдагам. Кесибим боюнча эксперт-криминалистмин, бул да жаштыгымдагы кыялданган кесибиме байланышкан. Чынын айтайын, армиядан келгенден кийин УКМКга документ тапшырып, ишке кирем деп болгон аракетимди көрдүм. Мамлекеттик системанын ушунчалык ирип, чирип кеткенин ошондо көрдүм... 

Элдин укугун коргоо башкы максатыма айланды

- Мен ал жерге канча аракет кылсам да, жумушка кире албадым. Ишке орношуу үчүн менден чон суммадагы пара сурашты. Демек, бизге окшогон карапайым адамдар андай жерлерге, мамлекеттик ишканаларга кирип иштей албайт экен. Бул тармактарга жалаң жемкорлордун балдары, байлар, чиновниктер гана ээлеп алганын билдим. Ошондон тарта менде  мамлекеттик “системага” жек көрүү сезими пайда болгон. Бирок мамлекетке болгон сүйүүм күч алган.  Анткени ошол жерде жүрүп, өлкөбүздүн абалы оор экенин терең түшүнгөм. Ошондуктан менин менчик телеканалга барганымдын да башкы себеби ушул. Мамлекеттик системанын ушунчалык ирип кеткенин көргөндөн кийин көңүлүм калган. Эмне үчүн бул нерсени айтып жатам. Мамлекеттик системага, бийликке болгон элдин нааразычылыгын чыныгы көз карашын чагылдырып берүү, элдин укугун тебеленип жатканы, коррупция гүлдөгөнүн чагылдырып берүү менин биринчи максатыма айланды. Ошол нерсе бүгүнкү күндө да менин башкы максатым бойдон турат. 

Элдин жашоосу жыргал деп айтуу мен үчүн уят 

- Мен эч качан арам тамак чиновниктердин тарабын талаша албайм. Элге каршы багытталган мамлекеттик системага, элдин акчасын жеген чиновниктерге өзүмдүн деңгээлимде каршы чыгып, ушул жаатта (журналистика) күрөшүүгө аракет кылып жүрөм. Карапайым элдин укугун коргоо менин башкы принцибим. Карапайым адамга 1 грамм же 0,1 грамм болсо да жардамым тийсе, мен ошого сүйүнөм. Туура, мен чоң иштерди али аткара элекмин, буйруса алдыда жасаармын. Бирок аздыр-көптүр ушул инсандарга ийненин учундай пайдам тийсе ошол мага жетиштүү. Ошондуктан мен ушундай социалдык, саясий темаларга басым жасайм. Мага кызыксыз, мисалы премьер-министр областтык администрацияга келип, бири-бирин мактап, бири-бирине тон жаап, калпак кийгизип, элдин жашоосу жыргал болуп жатат деп аны элге айтып чыгуу мен үчүн уят нерсе. Бул нерсе жалган да, элдин жашоосу алар айткандай “жыргал” эмес да.

Ташиевдин элге болгон сүйүүсү жогору экенин көрдүм...

- Кыргыз саясатчыларынын арасынан мен баалаган инсандар бар. Жогоруда белгилегендей менин башкы максатым, карапайым калктын тарабын талашуу болгондуктан да ушул жааттан алып баа беришке аракет кылам. Балким бирөөнү баалаганга акым жоктур, бирок өзүм көргөн, акылым жеткен деңгээлим менен алып караганда карапайым калкка күйүмдүүлүгү, өлкөгө болгон мекенчилдик сезими боюнча үлгү болгон инсан Камчыбек Ташиев деп айта алам. Мен башка саясатчылар менен чогуу жүрбөдүм, бирге иш жасабадым. Бирок кандай жүргөндөрүн сырттан көрүп жатам. Мен Ташиевдин жанында жүрүп, анын элге, мамлекетке болгон сүйүүсү ушунчалык жогору экенин көрдүм.

Элим-жерим деген инсан кыйынчылыкта сыналат

- Коронавирус илдети биринчи Сузак районунан чыкты. Бул маалыматты өлкө боюнча мен биринчи айтып чыктым. Элдин баары ишенген эмес. Эртеси анан дарыгерлер моюнга алып, ачыкка чыгарышкан. Ошол маалымат чыкканда мага биринчи болуп түнү Камчыбек Ташиев чалды. “Өткүрбек, чындап эле оору катталдыбы? Менден эмне жардам. Биз эмне кылсак, элди бул илдеттен коргоп калабыз” деп биринчи ушул киши чалды. Мен “Элибизде бул оору бар, жугуп кетүү коркунучу да күч. Өкмөт ооруну алдын алууга даяр эместиги анык” – дедим. “Эмне кылыш керек?” – деди. Өкмөт да, эл да бул нерсеге даяр эмес. Беткаптар кымбаттады, көпчүлүк дарыканаларда түгөндү. Азыр эми бир эле коргой турган каражат беткап болууда. Адистер да ушул нерсени айтып жатат дедим. Ташиев “Болду, мен беткапты жердин түбүнөн болсо да таап алып барам” - деп өчүрдү. Сузака  биринчи болуп, 20 миң беткап алып келип, оору чыккан аймакка, элге таратты. Эл мени Ташиевдин жанында жүрөт деп ойлодубу айтор, ошондон тарта мага “Ташивге айтчы, биздин азык-түлүгүбүз түгөндү”, “жегенге наныбыз калбады”, “балабыз ооруп калды” – деп күн сайын чалып башташты. Камчыбек Ташиев ошол байланышкан адамдарга мүмкүнчүлүгүнө жараша жардамын берди, эч бир кайрылуу жоопсуз калбады. Ушундай эле мүмкүнчүлүк башкаларда да бар эле, мен өзүм аларга байланышып сурасам “койчу эми, ооруса ооруйт да” - деп шылтоолорун айтышкан. Азыр ошолордун көпчүлүгү депутат болом деп, көрүнгөн жерге сүрөттөрүн илип, тиштерин көрсөтүп күлүп, жакшы адамдай болуп жүрүшөт. Мен ошолорду көрүп таң калып жүрөм. Элим-жерим деген инсандын кандайлыгы элдин башына түшкөн мүшкүл иште сыналат го. 

“Мекенчил” партиясын парламентке барышына кызыктармын

- Мен “Мекенчил” партиясынын үгүт иштери менен алектенбейм. Бул партиянын өзүнүн штабы, тийиштүү кызматкерлери бар. Бирок менин колумдан журналистика жаатында аздыр-көптүр иш келет да. Мен бир нерселерди жасай алчу күчтүү аниматор да эмесмин. Бирок өзүмдүн деңгээлимде колумдан келишинче “Мекенчил” партиясынын жеңишке жетишине жардам берип жатам. Элдер чын эле ошентип ойлосо, ушул партияга иштеп жатат деп жаман көрсө же жакшы көрсө анда мен туура жолдо баратыпмын. Анткени мен ушул партиянын, ошондой эле К.Ташиевдин, С.Жапаровдун  парламентке барышына кызыктармын. Ойлоп көрүңүз, булардан башка ким барса парламентти оңдоп, бийликти элдин колуна кайтара алат? Мисалы, мен өзүмдөн өзүм сурайм да “Андан башка ким?” – депчи. Татыктууларга татыктуудай мамиле жасашыбыз зарыл. 

Эч ким айта албайт... 

- Ташиевди гана жакшы жактарын көрсөтөт деп айткандарга да айтып коюшум керек. Мен Камчыбек Кыдыршаевичтен миллиондоп акча алып, анан андай кызмат кылып жаткан инсан эмесмин. Мен Ташиев үчүн бир иш кылсам, аны эл үчүн жасап жатам деп ойлойм. Себеби бул киши элдин уулу. Эгер Камчыбек Кыдыршаевич элдин душманы болгондо, элге зыян келтирген болсо, бир жерди сатып жиберсе, коррупционер, таза эмес, чыккынчы болгондо, бир жакшы сөз жазгандан да уялмакмын. Мисалы ким мага “Өткүр, сен коррупционер Камчыбек Ташиевди мактап, колдоп жатасың” деп айта алат. Эч ким айта албайт. Тескерисинче, коррупционерлерди мактап, караны ак деп жүргөндөр уялсын! 

Элдин адашканын мамлекет эми көтөрө албайт...

- Партиялар көп, үгүттөө иштери да арбын болгону үчүн эң негизгиси ортодо акча роль ойноп, акчалуулар азгырып жатканы үчүн элдин позициясы туруктуу эмес. Акча үчүн добушун сатам дегендер да тилекке каршы бар. Бирок эл арасында алтынчы чакырылыштын депутаттарын көрүп, “ушулар кайра барбасынчы” дегендер да көп. Айтаарым, эл алданбаш керек. Мындан 10-15 жыл мурун абалыбыз мындай эмес эле да. Бүгүн элдин алданганын, адашканын мамлекет көтөрө албайт. Өлкөнүн абалы кызыл сызыкка жетип калды. Азыр тумандабыз деп жатабыз го, эгер быйыл да алданчу болсок, ошондо анык туманга кирген болобуз. Ошондуктан элибиз ойлонуп, жүрөгүндө калкым деген патриот инсандарды колдоп, шайлаш керек. Парламентке, бийликке акчалууларды эмес, духу күчтүү инсандарды, эч нерседен коркпогон эр жүрөктөрдү алып баруу элдин милдети. Элде ошондой мүмкүнчүлүк берилип жатат. Баары элдин колунда. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы