"Реформа" партиясынын башчысы Клара Сооронкулова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен эмне себептен жолукканын айтты. Ал жолугушуунун чоо-жайы менен Фейсбуктагы түз эфир учурунда бөлүштү.

Сооронкулова Матраимов менен маектешүүнү уюштуруу үчүн жолукканын айтты. Анын айтымында, алгач МБЖтин экс-орун басары сүйлөшүүгө макул болуп, андан кийин баш тарткан. Ошондой эле ал Сооронкулованы чогуу парламенттик шайлоо катышууга чакырды

Белгилей кетсек, КТРКдагы дебат учурунда Конституциялык палатанын экс-судьясы 2019-жылдын октябрь айында Райымбек Матраимов менен Бишкектеги ресторандардын биринде жолукканын айткан. Сооронкулова шайлоо жөнүндө сүйлөшкөнүн түшүндүрдү.

Булак: vesti.kg