- Азыркы учурда эл суусаган программаны сунуштаган жалгыз гана «Мекенчил» партиясы болууда. Албетте, аны аткаруу эң башкы маселе экени барына маалым. Ал жагынан эч ким шектенбесе болот, анткени партиянын лидерлери буга чейинки тарыхта өз иштери менен тастыкташкан. Маселен, Камчыбек Ташиев эч качан өзүнүн айтканына кайтпаган баатыр, эл дегенде ичкен ашын жерге койгон шер жигит. Кайсы жерде көйгөй чыкса ошол жерге чуркап жетет. Өзү таза. Кызматта жүргөндө мамлекеттин казынасына кол салган эмес. Экинчи лидерибиз Садыр Жапаров 2010-жылдан бери “Кумтөрдү” улутташтыралы, мамлекетти көтөрөлү андан башка жолубуз жок, жер ууланбасын, балдарыбызга татыктуу келечекти түзүп берелик” деп бийликтен кордук көрүп, азыр камакта жатат. Бирок, өзүнүн позициясынан кайткан жок. “Мекенчил” партиясынын артыкчылыгы - тизмесинде “чимкириктер” жок. Жалаң мигранттардан, артында калбыры жок адамдардан куралган. Программанын эң негизги өзөгү, мамлекетти туңгуюктан алып чыгуу үчүн Башмыйзамды өзгөртөлү дегенде жатат. Парламентке келери менен референдум жарыялатып, эки башкаруунун бирин тандоо элдин таразасына коюлат. Эгерде президенттик системаны тандаса, анда эки баштуу ажыдаардын бир башын чаап, өкмөттү жок кылат. Эгерде парламенттик башкарууну тандаса, ажыдаардын экинчи башын кыйып, президентти жоготкону турат. Бул мамлекетти туңгуюктан чыгара турган жол. Экинчиси, С.Жапаров көтөргөн маселе ишке ашат, “Кумтөрдү” улутташтырсак, биз сырткы карыздан кутулабыз, азыр ал 4,5 млрддан ашты. Анын көпчүлүгү Кытайга болгон карыз, андан кутулбасак чоң балээге кабылабыз. Бизде башка жол жок. Сазга батып калдык. Ууч топ бири бирине бийликти өткөрүп ушул кейипке келди. Төрөлгөн ар бир баланын мойнуна 750 доллардан карыз илинүүдө.
Азыр жалгыз “Мекенчил” партиясы оппозиция. Башкасы оппозициянын чапанын жамынгандар. Булар эртең эле биригип кетет. Ал эми олигархтар артында турган партиялар “биз тазабыз, мамлекетти өзгөртөбүз” деп кетип жатат. Эл алардын жалганынан жадап бүттү. Аларга ишеним калбады. Азыр барыбыз күбө болуп жатабыз, коорупциялык жол менен байыган олигархтар миң сомдон 5 миң сомго чейин добуштарды сатып алууга аракет кылып жатышат. Эл түз жолдон адашпаш керек, булардын жүзүн көргөнбүз. Ошондой эки партия Араванда чабышып жатат. Буларга бийлик чара көрүп, шайлоодон четтетиши керек. Мамлекеттик кызматта иштегендерди, айрыкча мугалим менен медицина кызматкерлерин 10-20дан адам алып келесиңер деп коркутуп, “Айтылган адамды алып келбесеңер, биз айткан партияга салдырбасаңар иштен кетесиңер” деп жатыптыр. Минтип элди кыскан болбойт. Элди толкутканга алып баратышат. Эки жолку революция шайлоодон тутанган. Абайлаш керек. Азыр сот системасына да нааразычылык күч. Бийликтин буйругун түзмө түз аткарып калды. Мен да сот тармагында иштегем. Бийликтен тапшырма болуп, үч саясатчыны камайсың дегенде баш тартканбыз, мыйзамдын алкагындагы чечим чыгарганбыз. Ал үчүн бийлик бала-чакама чейин куугунтук жасап, анын аягы бүгүнкү күнгө чейин токтой элек. «Мекенчил» партиясы мына ушундай иштерди тыкыр карап, адилетсиз сотторду жазага тартат. Жемкорлукка каршы күрөш жүргүзөт.
Булак: "Майдан.kg" газетасы