Бул тууралуу G20 сайтында айтылган.

Саммит негизинен коронавирус таркалып жаткан учурда адамдардын ден соолугун коргоо жана экономикалык өсүүнүн абалы тууралуу болот. Ошондой эле пандемия учурунда ачыкка чыккан алсыз тармактар менен күрөшүү маселелери каралмакчы.

G20 коронавирустук инфекция менен күрөшүүчү дары-дармек жана вакцина иштеп чыгуу үчун 21 миллиард доллардан көп каражат бөлүнгөнүн маалымдаган. Ошондой эле, «Чоң жыйырма» дүйнөлүк экономиканы колдоо максатында дагы 11 трлн доллар бөлгөн жана пандемиядан улам кыйын кырдаалда турган айрым мамлекеттердин карыздарын токтоткон.

G20нын курамына кирген өлкөлөр: Аргентина, Австралия, Бразилия, Британия, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Орусия, Сауд Аравия, АКШ, Түркия, Франция, Түштүк Корея, Япония, Европа биримдиги.

Булак: Маралфм