Акыркы учурда түз маанисинде да, кыйыр түрүндө да мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө шек келтирген ар кандай талкуулар, ар түрдүү пикирлер чыга калчуу болду. МАМЛЕКЕТТИН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮ, УЛУТТУН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮ - деген кол тийгиз, талкууга алынбай турган ЫЙЫК ИШ. МАМЛЕКЕТИБИЗДИН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНӨ, УЛУТУБУЗДУН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНӨ шек келтире турган маселени эч кимдин талкуулаганга акысы жок. Андай укук катардагы бир букараны кой керек болсо мамлекеттин ПРЕЗИДЕНТИНЕ да берилген эмес. Мамлекеттин, улуттун эгемендүүлүгүн талкууга алуу СОГУШТУ талкуулаганга барабар. Бул талкуунун арты кан жыттанып тураарын мээңер болсо эсиңерден чыгарбагыла. "Эгемендүүлүгүбүздөн эртең айрылат экенбиз"- десеңер, МЕН бүгүн кан төкөн согушка чыгып кара жанды берүүгө даярмын. Кыргыз улутунда мендей ойлонгондор миңдеп саналаарына ишенем. Бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн артында миңдеген жылдарды карыткан карт тарыхыбыз жатат. Бүгүнкү Ата-Журт, мекенибизди коргойм деп кандарын төккөн ата-бабаларыбыздын каны азыркы биз басып турган жерибиздин чымчым топурагынан бери сиңип ар бир ташына тамган. Керек болсо биз ошол өткөн ата- бабалардын канына жуурулган топуракка өскөн өсүмдүктөн малыбыз да өзүбүз да тамактанып жашап келатабыз. Бизде бир гана милдет бар. Бактыбызга келген ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮБҮЗДҮН кылын да кыйшайтпай кийинки муунга өткөзүп бериш. Мындан башка укук бизге Жараткан Кудайдан да, өткөн аталардын арбайынан да, келечектеги муундардан да берилген эмес. Ийниндеги тогологуңдун ичинде бир нерсе болсо ойлончу? Керек болсо үй бүлөдөгү иште "Үйдү саталы"- десең, катының менен акылдашпай чече албайсың. Анан мамлекеттин,улуттун ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮН талкуулоо укугун кайдан алдың? Дагы бир жолу кайталайын МАМЛЕКЕТИН,УЛУТТУН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮ КОЛ ТИЙГИЗ ЫЙЫК. Аны талкуулоого эч кимдин акысы жок. Ушуну мамлекеттин жогорку кызматындамын дегендерден баштап катарда жүргөн карапайымдарга чейин мээңерге сиңирип,эсиңерден чыгарбагыла!

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу