Кыргыз тилин толук кандуу Мамлекеттик тилге айлантуу үчүн 2 чоң кадам жасоо зарыл:
Биринчи, мектепке чейинки тарбияны толугу менен кыргыз тилине өткөрүү, кеңири таркап жаткан анимациялык фильмдерди жана компьютердик оюндарды бүтүндөй байма-бай кыргыз тилине которууну уюштуруу;
Экинчи, мамлекеттик расмий иш чараларды өткөрүүнү, расмий иш кагаздарды даярдоону толугу менен кыргыз тилинде жүргүзүү, азыркыдай орус тилинде даярдап, анан кыргызчага которуу тажырыйбасынан тезинен арылуу;
Ушул эки маселе чечилбесе КЫРГЫЗ ТИЛИ өмүрү өз ордун таппайт, тетирисинче жылдан жылга артка сүрүлүп кала берет.
Эмилбек Каптагаев