Акыркы болуп ѳткѳн Коопсуздук кеңешинин жыйынында тармакта коррупциялык кѳрүнүштѳрдүн деңгээли жогору бойдон калып жаткандыгы дагы бир жолу айтылды. 

Атап айтсак, 2018-жылдан ушул кезге чейин 2981 коррупциялык мыйзам бузуулар болгон. Мамлекеттин бюджетине келтирген зыян 1,2 млрд. сомду түзсѳ, анын 585 млн. 400 миң сому мамлекеттин казынасына кайтарылган. 
2981 кылмыш иши катталса, анын 291и сотко жѳнѳтүлүп, 8,5 млн. сомдук мүлк камакка алынган. Кылмыш ишинин алкагында 392 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышкан. 
Бажы тармагындагы  коррупциянын болуп кѳрбѳгѳндѳй деңгээлде экендигин ушундан билели, системанын жетекчилери “Миллион”, “Кошелок” деген каймана ысымдарга ээ болушкан. Бүгүнкү күндѳ Бажы тармагына санариптик система киргизилип, аны менен коррупцияга бѳгѳт коюу аракеттери болууда. Бажы тармагындагы кѳзѳмѳл ѳткѳрмѳ пункттарына коюлуп жаткан видеокамералар коррупцияны токтотуп, системадагы ачык-айкындыкты камсыз кылып, реформалык кадамдар натыйжасын береби, же бажычылар заманбап технологияларды да кыйгап ѳтүп кетишеби, убакыт кѳрсѳтѳт. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы