- Азимбек мырза, мурдагы элчи Раимкул Аттокуров Кыргызстанды Орусияга кошуу маселесин көтөрүп, коомчулуктун сынына кабылды? 

- Раимкул Аттокуровдун айтканы - анын жеке пикири, андай пикирди ар ким айтканга укугу бар. Бирок, убагында мамлекеттик кызматты аркалап жүрүшкөн жана чет өлкөдө иштеп жашап жүрүшкөн кыргыздар Кыргызстан, айрыкча анын эгемендүүлүгү,  мамлекеттүүлүгү жөнүндө жеке пикирин айтса да, ойлонуп сүйлөшү керек. Анткени, жалпы кыргызга жана анын мамлекетине шек келтирип коёрун эстеп жүрүшү керек. Мен ар дайым айтам: “Кыргызстаныбыздын, анын бийлигинин, элинин кемчилигин үйдө, Кыргызстанда  айталы. Ал эми сыртта анын жакшы жагын даңазалап жүрөлү. Кемчиликти чет элдиктер же чет мамлекет оңдоп, түзөп бербейт. Жаманыбызды жашырып жүрөлү”,- деп. Азыр да Малайзиядагы студент жаштарга: “мекенчилдикти өзүңөрдөн, Кыргызстанды сүйүү, таануу, даңазалоо менен көрсөткүлө, билген, жакпаган жаман нерселер болсо, Кыргызстанга барганда айтасыңар”- деп түшүндүрөм. Чет жерде жүрүшкөн мекендештер менен иштөө, алардын диаспоралык уюмдары менен өз ара Кыргызстандын атын жакшы жагынан чыгаруу боюнча бирге аракеттенүү элчиликтин милдеттерине кирет. Бизде мындай тескери ой-пикирлердин терең ойлонулбай айтыла бериши, мамлекеттүүлүк, көз карандысыздык , мекенчилдик жөнүндөгү мамлекеттик саясаттын, идеологиянын жетишсиздигинен болуп жатат. Аттокуровдой кыргыздар Кыргызстандын ичинде да, чет жакта да аз эмес.

- Анын “Кыргызстан Россияга кошулат” деген сөзүн чыккынчылык катары сыпаттагандар да болду. Ал турсун  жоопко тартууну да талап кылышууда. Мындай билдирүүсү үчүн ал жоопко тартылышы керекпи?

- Мындай билдирүүлөр үчүн жоопко тартылбайт, анда сөз, ой эркиндиги бузулат. Бирок, Москвадагы ал жетектеген диаспоралык координациялык кеңеш, элчилик, Москвадагы мекенчил кыргыздардын уюмдары, бул боюнча коомдук-саясый мүнөздөгү чечимди кабыл алуусу керек. Малайзиядагы кыргыз диаспорасы Аттокуровду айыптаган чечимин бир жума мурда кабыл алышып, тиешелүү жактарга жиберишти. Анткени, Аттокуровдун билдирүүсү  саясый жактан жалпы кыргыздарга, Кыргызстанга шек келтирди.

- Айтмакчы, шайлоону шарапаты менен мурда коррупциялашкан тармактарды жетектеген адамдар партияларга талапкер катары катталышыптыр. Издөөдө жүргөнү деле, коррупцияга аралашканы деле депутат болуп алса, кар жаады, из басты болуп, мурунку былыктары унутулуп калабы? 

- Азыркы шайлоо мыйзамдарына ылайык жеке инсанга эмес, пртиялык тизмеге добуш берилет. Жогорку Кеңештин депутаты боло турган адам, сөзсүз бир партияга кирмейинче  депутат болууга укугу жок. Ошон үчүн баары жандалбастап, партияларга мүчө  болушат. Тизме талапкерлердин акчасына жараша түзүлөт. Партиялар мына ушул адаттан арылмайынча мындан да жаман, сиз айткан адамдардан да “коркунучтуу” инсандарды, жоруктарды элибиз көрө берет. Жана акырындап көнө берет. Мүмкүн эмки шайлоолордо Акаев, Бакиев, Даниил Уруцкийлер өздөрүнүн партияларын түз жетектеп келишет. Анткени, азыркы шайлоо системабыз боюнча депутат болом деген адам шайлоочулардын тандоосуна коюлбайт. Партиянын лидери түзгөн тизме шайланат. Мен муну айткандан жадабадым, ал эми бийлигибиз болсо, кыныгын таап алып,  мына 4-жолу өз партияларын  шайлатып жатат. Элибиз да көнүп бараткандай. Мындай шайлоо системасы турганда, кылмышкердин, коррупционерлердин, өңчөй байлардын депутат боло бериши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Президент айткан коррупциянын булагы - өлкөнүн шайлоо системасында жатат!

- Баса, Коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы күрөштүн үч жылдык жыйынтыгы талкууланып, президент “бюджетти толтурган негизги мамлекеттик мекемелерде коррупция токтобой жатат”- деди. Коррупция менен күрөш күчөгөнү менен коррупция неге токтобой жатат?

- Айтпадымбы, коррупция Кыргызстанда токтобойт, улам жаңы шайлоодо жаңыланып, жаңы партиялар аркылуу сырткы жүзүн өзгөртүп жашай берет. Акыркы төрт президенттер өз ишин “коррупция менен күрөшүүдөн” башташкан. Анын экөөсү - Бакиев менен Атамбаевдер ошол эле коррупциянын курмандыгы болушту. Азыркы президентибиздин “коррупция менен күрөшүп жатканына” үч жыл толот. Мына өзү мойнуна алып жатат. “Коррупция токтобой жатат”- деп. Кен-байлыктардагы коррупция кол тийбеген дың бойдон турат. Жөн эле чогулуштан чогулушка чейин айтып койбой, коррупциянын  тамырына балта чабуу, жетүүнүн, аны кыркуунун жолун издөө керек. Үч-төрт чиновникти камоо менен же алардан акча өндүрүү менен коррупция токтобойт. Кыргызстандагы коррупция бул бир эле пара алуу, же кызмат абалынан аша чабуу, пайдалануу, мамлекеттик каражатты уурдоо же кылмыш эле эмес. Бул тамыры бүткүл өлкөнүн жашоосун камтыган, анын саясий системасында жашаган, коомубузду бекем чырмап алган коронавирустай улам-улам кайталанып туруучу айыкпас социалдык ооруу. Мына жакында жаңы депутаттар  келишет. Бүткүл бийликти, байлыкты башынан кайра бөлүштүрөт. 

- Кандай жол менен бөлүштүрүшөт?

- Албетте, шайлоого кетирген акчасына жараша бөлүштүрүп, жаңы коррупция кайра башталат. Ага каршы президент, анын Коопсуздук кеңеши даярбы? Албетте, жок! Коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдык көргөндөй эле, президент өз командасы менен ага даяр турушу керек. Жок дегенде мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн конституциялык чегинен чыгышына, фракцияларга жол бербөө керек. Бирок, бийлик, байлык бөлүшкөн фракция башчылары, президент менен так ошол коопсуздук кеңешинде мүчө болуп олтурушпайбы?! Экинчиси, өлкөдөгү коррупция - бул саясий эле эмес, социалдык айыкпас оорууга айланган дебедикпи? Анын жугуштуулугу, масштабы, зыяны таажы тумоосунан кем эмес, кыргыз бийлиги 30 жылдан бери ага каршы дары тапкан жок. Тескерисинче, президенттик үй-бүлөлүк башкаруу ыкмасы, анын жеке партиялары коррупцияны жаратып, коргоп, өстүрүп келет.
Эгерде азыркы президент күзүндө жаңы парламент менен өлкөдөгү коррупциянын тамырын кыркуу боюнча кескин реформаны баштабаса, өткөндө мен  эскерткендей, анын өзүнүн “ашуудан түшүшү” абдан  кыйынга турушу мүмкүн. 

- Дастан Жумабековдун кетирген катачылыгына карабай  шайлоого катышуу укугун берген БШКнын чечими мыйзамга дал келеби?

 - БШКнын чечимине сот гана баа бере алат. Бирок Жумабековдун ал жоругу азыр элдин сотунда да турат. Эгерде эл туура эмес десе, ошого жараша өз добуштарын беришет. 

- Партиялар шайлоону утурлай жалындуу сөздөрдү айтып жатышат. Алар экономикага күйөбү?

- Партиялар экономикага күйбөйт, саясий партиялар саясый бийлик үчүн күрөшүү үчүн биригет. Жана ага жетүү үчүн күрөшөт. Экономикага парламент түзгөн өкмөт жооп берет.

Булак: "Майдан.kg" газетасы