Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов ММКларга курган маегинде мигранттар Оренбург жана Самара облустаранын, андан тышкары Башкыртстан Республикасынын аймактарында жайгашканын айтты.
Тышкы иштер министрлиги кечээтен баштап орус-казак чек арасында турган кыргызстандыктар Казакстан аркылуу автобус менен өлкөгө жеткириле баштагандыгын кабарлады. Орусиядан келе жаткан кыргызстандыктар кечээ жана бүгүн (24-25-сентябрда) эки этап менен ташылат..
Мигранттар буга чейин, алардын мекенге кайтууга жардам берүү тууралуу ар күндүк суранычтарына бийлик эч кандай реакция кылбай жатканын айтып ыйлашкан. “Элди кыйнап бүттүңөр. Бул жакта ооруган адамдар да бар. Талаада жатканыбызга 20 күн болду. Акыркысы 26сында кетишти, биз жетишпей калдык. Жатабыз бул жерде”,- дешкен анда.
Казакстан азырынча жүргүнчү ташыган транспорттун жүрүшү үчүн чек араларын расмий ача элек. Чек ара коронавирус пандемиясынан улам жабылган эле.
Кыргызстандыктар Орусиянын Казакстан менен чектеш чек арасына мигранттар үчүн транспорттук коридор ачылат делген маалымат пайда болгондон кийин чек араны көздөй жапырт келе башташкан. Бирок ТИМ чек араны көздөй барбоо өтүнүчү менен мигранттарга бир нече жолу кайрылып, Кыргызстанга кетчү чартердик рейстердин санын көбөйөт деп ишендирген.
Бирок Орусияда мекенине жетип алуу үмүтү менен чек арага чектеш аймактарга келип аткан миңдеген мигранттар бар.
Бийликтин жардамынан үмүтүн үзбөгөн жарандар кичинекей балдары менен ачык ай талаада түнөөгө аргасыз болгон. Орус тарап аларга чатыр лагерлерин уюштурууга жана керектүү тамак-аш менен камсыздоого жардам берген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемиянын башынан бери Кыргызстанда 25 миңден ашуун жаран кайтарылган. Алардын көбү Орусиянын аймагында иштеп жана окугандар болгон.
Булак: "Майдан.kg" газетасы