Мындай маалыматты премьер-министр Кубатбек Боронов COVID-19га каршы күрөшүү боюнча Республикалык ыкчам штабдын 19-сентябрда, ишембиде өткөн жыйынында билдирди. “Бул жакшы. Бирок айрым учурда форс-мажордук кырдаалдар дагы болуп калат. Мисалы, COVID-19дун биринчи толкуну болгондо айрым дары каражаттары дарыканаларда жетишсиз болду. Экинчи толкун болот деп айтылып жатканына байланыштуу дары-дармектерге муктаждык жаралбаш үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек”,- деди Кубатбек Боронов.
Премьер-министр, ошондой эле, вакцина менен максималдуу түрдө камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду. “Аймактарга сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы вакцинанын биринчи партиясы жеткирилди. Кийинки партияларды күнүгө жеткирип туруу зарыл. Жеке клиникалардын акы төлөнүүчү негизде эмдөө жүргүзүүсүнө жардам берүү керек. Ошондой эле COVID-19га каршы вакцина менен камсыз кылуу боюнча келишимдерге жетишүү боюнча ишти күчөтүү керек”,- деп белгиледи Өкмөт башчы.
Бүгүнкү күндө 12 медициналык мекеменин ичинен 7 саламаттык сактоо уюму толугу менен курулуп, оңдолуп, жабдылды. Кыргызстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле, коронавирустун ноябрь айына болжолдонгон экинчи толкунунун келишин күтүп, эпидемияга каршы туруу даярдыгын көрүүдө.
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун маалыматында, курч респиратордук вирустук инфекциянын этиологиялык структурасын өз учурунда аныктоо үчүн вирусологиялык лабораторияларга реактивдерди жана тест-системаларды сатып алууга даярданышууда.
“1500 коомдук саламаттык сактоо адистери үчүн жеке коргонуучу каражаттардын, дезинфекциялоочу каражаттардын, антсептиктердин жарым жылга жетээрлик көлөмүн эсептеп чыктык. Керектелүүчү каражаттарды эсептеп, сатып алууларды жасап жатабыз”, - деди саламаттык сактоо министри.
Ошондой эле, министрдин айтымында, республикада 15 врач-бактериологдор грипп менен коронавирусту аныктоо боюнча ПЦР-изилдөөлөрдү жүргүзүүгө окутулуп, даярдалды.
Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 45 335 адам коронавирус менен ооруган. Анын ичинен, расмий маалыматта, 1063 адам бул жугуштуу илдеттен каза болгону кабарланат. Кийинки күндөрү илдетти жугузгандардын статистикасы кайра жогору карай өсүп баратканы байкалууда.

Булак: "Майдан.kg" газетасы