Бир нече күн мурда ырчы айым атасынын сүрөтүн, андан кийин бир туугандарынын сүрөтүн жарыялаган. Ырчы жакындарынын сүрөттөрү менен бөлүшүп жатканынын себебин да түшүндүргөн.

«Таанышуу! Менин эс-тутумум жоголуп, эми гана калыбына келип баштады. Бирок кээ бир буюм, адамдарды эстей албай жатам. Дарыгерлер убакыт керек экенин айтышты. Мен үлпөт тоюмду да эстей албай жатам. Инстаграм, айрыкча сүрөттөр эс-тутумду калыбына келтирүүдө. Жакындарымды, досторумду унутуп калбаш үчүн сүрөттөрүн жүктөп турууну чечтим. Бул менин инилерим. Аларды жакшы көрөм! Кээде кыялымды да көрсөтөм. Алар гана чыдап, дароо кечире алышат. Өмүрүңөр узун, бактылуу жигит болгула!», - деп жазган Асел Кадырбекова.
Асел Кадырбекова жол кырсыктан жабыркап, оор абалда ооруканага түшкөн. Окуя 26-июнда Бишкек шаарында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Асел Кадырбекова башкарып бара жаткан «Тойота» унаасын «Патруль» ыкчам реакция жасоо тобунун унаасы катуу ылдамдыкта бара жатып сүзгөн.

Булак: Баракелде