Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган ар бир партияда Кыргыздын мыкты уул-кыздары бар экени алардын массалык  маалымат каражаттарында жарыялаган программаларынан билине баштады. Айткандары эл мүдөөсүнө ылайык төп келгени менен кандайдыр бир ишеним жарата баштады. Ошону менен катар "эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" болгондор  да жок эмес окшойт. Эл баарын таразалап, иргеп баштады, калганын мезгил көрсөтөөр. Эми чыгаандардын жолун торобой, эл -журттун ынтымакка келип, калыс болушу  башкы милдетке айланды. Кудайга шүгүр дешибиз керек, мен кыйынмын деген бир топ кошуналарга караганда өз казаныбызда кайнап, бир топ нерсеге көзүбүз ачылды. Кечке эле каран түн боло бермек беле, акылдашып, ойлонуп- ойгонуп, ата- бабалар чапкан жол менен ынтымакка келип, тоо таянаар учур келди. Тоого чыгып, улар үнүн угуп, бийик аска- тоолорду багындырып, ак калпагыбыз башыбыздан түшпөй бийик бололу!!! Улук бололу!!! КЫРГЫЗЫМ!!! КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!!!

Стал Абдраев