- COVID-19  эпидемиясы кыргыз элинин чоң трагедиясы болуп калды. Бул "кызыл кыргынга" кийин тарых өзү баасын берет! Уюштуруу ишине Кыргыз өкмөтү тарабынан чоң шалаакылык менен жол берилгендиги эл тарабынан эч убакта жоопсуз калбайт! Эл кийин катуу сурап ала турган күн дагы келет! Канча өлүм болду? Канча адам майып,  жарым жан болуп калды? Эми кыйратып коюшкансып, өкмөттүк жооптуу кызматты таштай салышып, ЖКга кире качуу үчүн шайлоого аттанышыптыр. Бул дагы көз жаздымда калбайт. Өкүнүчтүү нерсе - бийликтин эң маанилүү бутагы болгон парламент ушундай адамдардын жанын коргоочу жерине айланып кеткендиги болуп турат. Ошондуктан өлкө өнүкпөй жатат. Аткаруу бийлигин көзөмөлдөгөн жана сураган эч ким жок!

Булак: “Майдан. kg” гезити