-Пандемия жөнүндө сөз кылсак, бийлик бутактарынын шалакылыгы эмес, алардын пандемияга кылган жоопкерчиликсиздиги тууралуу айтуу керек. Жоопкерчиликсиз мамилелеринин кесепетинен  иши –аракеттери көпчүлүк элди массалык өлүм -житимге  алып келген "кылымдын кылмышы" аталды. Бүгүн болбосо дагы учурдагы бийлик кеткенден кийин тарых бул массалык кыргынга өз баасын бериши керек. Азыр, пандемия аяктагандан кийин Европа өлкөлөрүндө коомдук комиссиялар түзүлүп, “пандемия глобалдык чоң күчтөрдүн ойлоп чыгарган адамзатка каршы кылмыштуу оюну” деген пикирге келип жатышат.Ошол комиссиянын корутундусунда бир миллион кишиге салыштырмалуу каза болгон кишилердин саны  Кыргызстанда эң көп болгон. Пандемия боюнча кыргыз штабдын алгачкы корутундусунда каза болгон кишилердин саны 1500 деп берилген. Жогоруда айтылган Европа мамлекеттеринин коомдук комисиясынын билдирүүсүнөн кийин каза болгон кишилердин санын 1000 кишиге түшүрүшүп, бир аздан кийин 600 деп маалымат беришкен. Эл арасында жүрүп жаткан маалымат боюнча каза болгондордун саны төрт, беш эсеге көп. Бийлик бутактарынын каза болгондордун санын улам азайтып жатканы, каза болгондор коронавирустан эмес, башка бир бизге айтылбай жаткан себептерден каза болгондорун тастыктагандай.

Булак: “Майдан. kg” гезити