-Пандемияда шалаакылыктын айынан өз элин кыргынга учураткан, элдин убал -сообунан коркпогон андай аткаминерлердин баары кылмыш жообуна тартылышы керек. Ошондогу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болуп, шайлоого барып элдин элегинен өткөндөн уялышы керек. Эл дагы ошондой шалаакы аткаминер чоңдордун айынан азап чегип, кор болгон күнүн унутпашы зарыл.
Эгер эл ал азаптуу күндөргө өз баасын бере албаса, анда элибиздин өзүнүн шору. “Тилиме тибиртке чыксын” дейин, эртең жанагы жаман оору кайра кайталанчу болсо анда дагы кырылып башташыбыз толук мүмкүн. «Жаман айтпай-жакшы жок» дейт кыргыз. Ошондуктан, андай шалаакы, уяты жок, элди тоготпогон аткаминери бар партияга добуш берүүнү токтотушубуз керек. Бийликке эле сын айтып олтура бербей, тазаланууну ар кимибиз өзүбүздөн башташыбыз керек!
Булак: “Майдан. kg” гезити