Аты жаман оору али толук кете элек. Толук түгүл белден деле оой элек. Али адам өмүрүн алган чыгымдар болууда. Бирок 10-15тен болсо да чогултуп куран окутмайлар, 20-30 тан болсо да чогулуп тойлоп иймейлер көбөйүп баратат. Соода түйүндөрү, базарларда жөнөкөй эреже сактабагандар, маска кийбегендер көбөйүүдө. Ошондон улам, "Бул, кыргыздар жеткен баатыр элбизби же алаңгазар акылы кем (тупой) элбизби? Канчалаган жакындарыбыздан айрылдык. 5 айдан бери бул оорунун запкысын жакшы эле тарттык. Бирок акылыбызга кирип жөнөкөй эрежелерди сактаганга үйрөнбөй койдук го",- деген суроого жооп таба албай макала жазайын деп атып, "Башка улуттар эмне болуп атты экен? Ошолордон үлгү катары мисал тартайынчы"- деген ой менен, "Бир болсо ушул немецтерде мыйзамды какыйта сактап атышат болуш керек"- деп интернеттен Германиядагы абалга кирип атпайымбы. Жолу болгур Германияда аты жаман оорунун экинчи толкуну башталыптыр. Немецтерин деле биздегилерден ашып, түнкү клубдарда бир да эреже сактабай таң аткыча танцы тепкендер көбөйүп кеткен экен аларды кайра жаба башташыптыр. Берлинде болсо "Маска тагынууга каршыбыз"- деген митинг өтүптүр. Мына сага мыйзам сыйлаган немецтерибиз. Америкаңды мисал тартпай эле коеюн. Оору кесепетинин баардык жагынан биринчи орунда баратат.

Ошондо ойго батат экенсиң. "Кыргыздар эле эмес бүт дүйнөдөгү адамзат акылдан айныды окшойт"- деген. Анан мен көп жазып жүргөн бир притча эске түшөт. Бир күнү Кудай бир кембагалдын түшүнө кирип; "Эртең эрте тур да айылдаштарыңа айт. Айылдын жанындагы булактын суусунан бир жума ичишпесин.Ал булактан ичкендер жинди болуп калышат. Кырдын ары жагындагы булактын суусунан ичишсин."- дейт. Кембагал эрте туруп бүт айылдаштарына айтып чыгат. Бирок ага эч ким ишенбейт. Кайра шылдыңдашат. Анан чын эле бүт айылдашы баягы айылдын жанындагы булактан суу ичишип жинди болуп калышат. "Мына менин тилимди албай коюп баарың жинди болуп калдыңар"- десе беркини сабай башташат. "Сен акылдан айнып жинди бодуң"- дешип. Акыры айылдаштары менен бирге жашай албай калган берки да тигил булактан барып суу ичип айылдаштарына кошулуп кетиптир.

Эмне айткым келет "Оору али күчүндө. Эрежени сактагыла. Чогулмайларды токтото тургула."- деген сыяктуу акыл насаат айтканды улантуу керекпи же "тигилерге" кошулуп кетиш керекпи? Акылым жетпей турат. Деги адамзат кайда баратабыз?

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу