Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, жалпысынан 165 адам боюнча каражат бөлүндү.

«Өкмөттүн 2020-жылдын 4-майындагы буйругунун негизинде бүгүнкү күндө 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон бир жолку акчалай компенсация төлөнүп берилди. Ал эми каза болгон 21 медкызматкердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон төлөндү», - деди ал.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 3 163 медкызматкерге жукту, алардын 2 657си айыкты, каза болгондор 70тен ашты. Кайтыш болгондор 80ден көп.

«Кызыл зонада» иштегендерге өкмөт айлыгына кошумча төлөп берүүгө да убада берген. 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов бул максатта жыл аягына чейин бир миллиард 425 миллион сом каралып жатканын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин каржы бөлүмүнүн жетекчиси Мухтарбек Баймырзаев 9-сентябрда билдиргенине караганда, эпидемиянын алдын алуу жана ооруга каршы күрөшүү максатында ишке тартылган адистердин кошумча эмгек акысы үчүн март-июль айларында бюджеттен 785,4 миллион сом каражат бөлүнүп, анын баары иштегендерге төлөнгөн.

Албетте, коронавирустан элди сактап калат деген медицина кызматкерлеринин көп жабыркап жана каза болуп жатышы өтө өкүнүчтүү. Ошондуктан өкмөт эң алгач аларды коргоону колго албаса, кырдаал күчөп кетиши мүмкүн.

Булак: “Майдан. kg” гезити