ЖЭБ боюнча айыпталуучулар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. Булардын ар бири 680 млн сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталуучуларга чегерилген айыптарды өндүрүү жараяны башталды. Бул тууралуу аталган ишке айыпталып, соттолгон экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев билдирди:

“Сот аткаруучулар Сапар Исаковдун үй-бүлөсүнө барып, акчаны өз эркиңер менен төлөп бергиле”, - деп эскертип кетишиптир. Үч жылдык соттун жүрүшүндө Исаковдун баасы 9 миң долларлык машинесинен башка мүлкү табылган эмес. Машине да аялына катталган. Ал машинени саткан күндө да акчасы өкүм кылынган айыпка жетпейт”.

22-июнда Жогорку сот ЖЭБ иши боюнча Бишкек шаар сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку соттун бүтүмүндө соттолуучулардан Каржы министрлигинин пайдасына 5 млрд. 440 млн. сом материалдык зыянды иште айыпталган сегиз адам тең бөлүп төлөө милдеттендирилген. Ага ылайык, ар бир соттолуучу 680 млн. сомдон төлөп берүүгө тийиш.

23-мартта Бишкек шаардык соту Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу райондук соттун өкүмүн бир аз өзгөртүп, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин абак мөөнөтүн бир жылга кыскартып, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин мүлкүн камоодон чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Райондук сот чыгарган өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүлгөн эмес.

Булак: “Майдан. kg” гезити