Электр энергиясын чектөө баскычтар аркылуу ишке ашырылат. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы маалымдады. Бирок чектөөнүн себеби ачык айтылган эмес.

Энергетикалык ишкана калкты жана ишкана-мекемелерди электр энергиясы үчүн акыны өз убагында төлөөгө чакырууда.

Акционердик коомдун маалыматына караганда, 1-сентябрга карата элдин жарык үчүн карызы 500 млн. сомдон ашты. Мурдараак ишкана электр энергиясы үчүн төлөбөгөн 7 млн. ашуун абонеттин жарыгы өчүрүлөрүн эскерткен.

Булак: Азаттык