Илим Карыпбеков деген медиа эксперт, УТРКнын мурдагы башкы директору бар. Кайсы бийлик болбосун, тилин, эбин тапкандын чебери. Орусча айтканда, «непотопляемый» деп баа берсе, куп жарашат. Мына ошол Карыпбеков социалдык тармактагы жеке баракчасына алдыдагы шайлоого байланыштуу прогнозун жарыялап, бирок көп убакыт өтпөй анысын өчүрүп салды. Бирок айрым маалымат каражаттары аны жазып алганга үлгүрүштү. Ал өзүнүн прогнозунда 1-орунду “Мекеним Кыргызстан”, 2-орунду “Биримдик”, 3-орунду “Кыргызстан”, 4-орунду “Замандаш” партиясына ыйгарыптыр. Андан кийин “Республика” же “Ата Мекен” партиялары келет деп көзү ачыктык кылган. Суроо туулат, мындай прогноз жасоо менен Илим Карыпбеков Матраимовдорго жагынып, “запасной аэродром” камсыз кылууну көздөдүбү? Болбосо, ал өзү учурда “Биримдик” партиясынын түштүк аймактагы пиар ишине чоңдук кылууда. Мындай жүрүш Карыпбеков тарабынан 1-жолу болуп аткан жок. Буга чейин да Раимбек Матраимовдун дарегине дифирамбаларды арнаган постторун жарыялаган эле. Не дейбиз, ал деле пенде. Шайлоодон кийинки өзүнүн тирилигин ойлоп, бул жагынан болбосо, тигил жагынан жакшы позиция болуп калсын деген таризде ушундай жүрүштөрдү жасады окшойт.
Булак: “Майдан. kg” гезити