Кыргызстандык Данияр Ибраевди Болгариядан Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы. «Интерполдун» билдирүүсү боюнча, ал Болгария Республикасынын София шаарында 2019-жылдын 28-декабрында кармалган.

Расмий маалымат боюнча, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына бир нече курулуш компаниялары кайрылып, Д.Ибраев курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алганын билдиришкен.

«Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Строймир” ЖЧКнын башкы директору — 1992-жылы туулган Д.Ибраев 2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылга чейинки маалда курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ишенимге кирип, 7 жабырлануучудан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 507 352 049 сомду түзөт», - деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

Д.Ибраевден жабыркагандар Бишкек ШИИБдин тергөө кызматы менен 0312 437168, тергөө кызматынын башчысы менен 0312 68-12-68, тергөөчү менен 0550 102086 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Данияр Ибраев — Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин уулу.

Булак: Баракелде