Орусиядагы орто жана жогорку окуу жайларда окуган студенттер президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевге кайрылуу жолдошту. Алар Орусияда онлайн окууга уруксат берилбегенин, 1-сентябрдан тартып ал жактагы окуу жайларда кадимкидей сабактар башталганын белгилешкен. Кайрылуу ээлери президенттен жана президенттик аппарат башчысынан Орусияга барууга көмөктөшүүнү өтүнүшүүдө.

Студенттер Орусияга киргенден кийин эки жума карантинде калууга, коронавируска карата ПЦР тесттеринен өтүүгө даяр экендигин билдирип, бул маселени жакынкы аралыкта чечип берүүнү мамлекет башчыдан жана аппарат жетекчилигинен суранышкан.

Кайрылууга беш жүзгө жакын студент жана алардын ата-энелери кол коюшкан.

Июль айында коронавирус күчөп, адистер жетишпей жатканда Орусиядан өз эрки менен келип, «кызыл зоналарда» иштеген дарыгерлер да кайра жумушуна кете албай жатышканын айтып даттанышууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусия 18-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Орусиядагы окуу жайларда окуган студенттер каникул учурунда мекенине чартердик каттамдар менен учуп келишкен.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып орусиялык жарандардын жакын туугандарына, туруктуу жашоого уруксат алган, Орусиянын ооруканаларында дарыланууга муктаж адамдар өлкөгө кирүүгө уруксат берилген. Бирок анын жол-жобосу түшүндүрүлгөн эмес.

Булак: Азаттык