Соцтармактарга “Саясат. kg“ сайтына жарыяланды делген Ахматбек Келдибековдун маегинин сүрөтү тарап жатат. Сүрөттө көрүнүп тургандай макала “Ахматбек Келдибеков: “Биздин партия утуп келсе Раимбек Исмаиловичтин президент кылабыз” ( кандай ката жазылса так ошондой кайталадык)деп аталат. Бул сүрөт колдонуучулардын талкуусун жана айрым адамдардын жеке таарынычын жаратып жаткандыктан “Саясат. kg” сайты төмөнкүлөрдү билдирет:

1.Сайтта мындай макала эч убакта жарыяланган эмес. Сүрөттө макала 2020-жылдын 19-августунда жарыяланган деп турат. Бул күнү, ага чейин жана андан кийин да мындай мазмундагы макала болбогон. Ал эми сүрөт бир караган көзгө эле (албетте, ал көз заманбап жашоонун ыкмаларынан кабары бар адамга таандык болсо) фотомонтаж экени байкалат.  Оркойгон катасынан да билүүгө болот. Белгисиз бирөөлөр ушундай образ менен кайсы бир кызыкчылыгын ишке ашыргандай. Азыр мындай фотомонтаждар жаңылык деле эмес. Коом алдыга жылып, технология өнүгүп, аны менен катар бул жаатты беш колундай мыкты өздөштүргөн адистердин пайда болушу жашообузга  "фотомонтаж" деген түшүнүктү алып келди. Андыктан, кимдир бирөөнүн бекерчиликтен жасап чыгарган “эмгегин” анчалык талкууга алуунун, ал эми Ахматбек Келдибеков тараптагылар тишин кайрап, нервин корото берүүнүн кереги жок.

2.Өзүн Ахматбек Келдибековдун басма сөз катчысы деп тааныштырган Алтынай Ажиматова аттуу айым “Саясат. kg” сайтын жана анын негиздөөчүсү Нургазы Анаркуловду сотко берээрин “расмий” жарыялаптыр. Биринчиден, бул айымга ал “Ата Журт” саясий партиясынын эмес, Ахматбек Келдибековдун жеке басма сөз катчысы экени акыры жеткенине ыраазычылык. Экинчиден, эгер кимдир бирөө Ахматбек Келдибековду мыкты, чыгаан саясатчы деп эсептей турган болсо, ошондой саясатчынын басма сөз катчысы фотомонтаж менен чыныгы сүрөттүн айырмасын талдап биле албаганы кейиштүү. Негизи, мыкты саясатчы өзүндөй мыкты кызматкерге татыктуу болушу керек эле. Үчүнчүдөн, ал айым айткандай сотко берүүгө негиз жок. Макала сайтка жарыяланбаса, эмненин негизинде сотко берет. Сайттын аталышы кайсы бир кызыкчылыкты көздөгөн шылуундардын куралына айланып калганы үчүнбү? Бул жөн жерден болбошу да мүмкүн, биздин сайт Ахматбек Келдибековду көп жылдан бери колдоп келатканы  баарына маалым. Чын чынына келгенде, ошончолук катчы айым сотко берүүгө кызыкдар болсо, сайтка кандай материалдар жарыяланып, кайсылар өчүрүлгөнүн тийиштүү адистер аныктап чыга алышат. Ошондуктан, бизде эч кандай чочулоо жок. Чын-бышыгын иргеп алгысы келсе, сотко ак жол.