Кыргызстанда 33 суу сактагыч бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди.

Анын айтымында, агенттиктин карамагында мамлекеттик сугат фонду бар.

"Анын курамында 5 миң 795 чакырым узундуктагы чарба аралык каналдар, 7 миң 670 гидротехникалык курулма, 3 миң 237 гидропост, 113 насостук станция бар. Андан тышкары коллектордук-дренаждык тармактардын узундугу 187 чакырымдан ашат. Жалпы көлөмү 1 млрд 735 млн куб метр болгон 33 сактагыч бар. Андан тышкары элүү даана суткалык жөнгө салуучу бассейн, он даана 10 күндүк жөнгө салуучу бассейн бар. Жалпысынан мамлекеттик суу чарба объекттеринде 1 миң 11 гидротехникалык курулма, 951 гидрометриялык пост жана 97 насостук станция оңдолгон. Узундугу 440 чакырым болгон чоң каналдарды капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү", - деди ал.

Булак: Кабар