Феликс Кулов Атамбаевдин Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча адвокаты аркылуу тараткан билдирүүсүнүн мазмунун  "илимий эмес фантастика" деп атады. 

"Алмазбек Атамбаев адвокаты аркылуу тараткан билдирүүсүндө  "кандуу кылмышкер" Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө Батукаевдин эркиндигин алмаштыруу боюнча УКМКнын операциясын колдоого алганы үчүн 11 жылга соттолгонун, анын аракетинде эч кандай коррупция болбогонун айтыптыр.

Мурдагы президенттин сөзүнө шек келтиргим келбейт, балким, чынында ага Батукаевдин боштондукка чыгышын УКМКнын мурдагы башчысы Шамиль Атаханов  ушундай деп түшүндүргөндүр. Бирок ким болбосун, жада калса мындай иштерден маалыматы болбогон адам дагы эч кандай атайын операция болбогон жана болушу да мүмкүн эместигин түшүнөт. Биринчиден, ар кандай атайын операция тийиштүү документтер менен жабдылат, а мында мындай кат жүзүндөгү документтер болбогону аныкталган. А экинчиден, Жаныш Бакиевди РФ Мамдумасынын депутаты Адам Делимхановдун жардамы менен Белорусиядан жашыруун уурдап чыгышып, Бишкекке легалсыз түрдө жеткиришине Атахановдун ишенгенин "илимий эмес" фантастика жана афера дегенден башка сөз менен атоого болбойт. РФнын башкы жетекчилигинин уруксатысыз эч ким, жада калса эң бир көк депутат да мындайга бара алмак эмес. Анан акырында, бул айтылган "атайын операция" бир гана Атахановдун мээсинде болгон, алгач кызматкерлеринин бирине аз-маз айтып берген, кийинчерээк  уулун да кабардар кылган. Улу Батукаев учуп кеткен жеке учак менен учуп келген.

Атамбаевди коргойун деген ниетим жок, бирок бул жерде кызыктай нерсе пайда болду: чечимди кабыл алган жана коррупцияга аралашкан, башкача айтканда акысына кайсы бир сумманы алган адамдардын чоң тобу какыс-кукус менен гана бошонуп кетишти, алардын арасында бул "атайын операцияны" ойлоп тапкандар да бар. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, баары "атайын операциянын" катышуучулары болушту жана ошондуктан айыппул төлөштү, а алардын эң башкысы коррупционер болду. Мен муну жасалган ишти туура квалификациялай турган болсок, анда кеп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу же ыйгарым укуктарын ашыра колдонуу тууралуу болушу керек", - деди Феликс Кулов.