Демек “Ата Мекен” фракциясынын беш жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарууга мезгил жетти. Парламенттеги эң активдүү, айткан убадаларынын ишке ашуусу боюнча алдыда келаткан фракциянын иши тууралуу депутат Наталья Никитенко баяндап берди.

– Наталья Владимировна, фракция депутаттары үчүн бул беш жыл эмнеси менен эсте калды?

– “Ата Мекен” Жогорку Кеңештеги саны боюнча аз, бирок эң ынтымактуу жана күжүрмөн фракция деп сыймык менен айта алам. Биз Атамбаев режиминин ээн баш саясатына, Абылгазиевдин өкмөтүнүн жоопкерчиликсиз, кылмыштуу кадамдарына жалгыз каршы турдук. Кумтөр маселесинде, мөңгүлөрдү бузуу, Кыргызстандын аймагында уран казып алуу, экологияны коргоо, коронавирусту жайылтпоо, өлкөнү чырмаган коррупция менен күрөшүү, аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактап калуу, врачтарга болгон кысымды токтотуу, алардын айлык маянасын көтөрүү, сөз эркиндигине, социалдык тармактарды колдонууга  чектөө коюуу боюнча оюбузду ачык, даана билдирип турдук.

– Мамлекеттик аппаратка ыңгайсыздык жараткан демилгелерди ишке ашыруу кыйынга тургандыр?

– Кыйынга турган үчүн, аппараттын репрессивдик каары биздин фракцияга түшүп жатты. Фиаско менен аяктаган “Белизгейт” окуясын, партия лидерлерине карата жалгандан  токулган кылмыш иштерин эл деле көрүп, угуп жатпайбы. Бул куугунтуктардын элге жарыялангандары гана. Мындан сырткары, фракция мүчөлөрү маалыматтык куугунтуктоонун соккуларына кабылдык. Биз жөнүндө ушак-айың, ойдон чыгарылган маалыматтар таратылып жатты. Фискалдык органдар тарабынан экономикалык, саясий кысымдарга партия лидерлери гана эмес, катардагы партиялаштар, жөнөкөй жарандар, патриоттор кабылышты Аларды коркутуп-үркүтүп, өз тарабына тартууга аракеттер болду… 

– Ушул оор жолду басып өтүүдө кесиптештериңизден көңүл калган учур болдубу?

– Жок, бир дагы фракциялашым “былк” эткен жок. Мен муну сыймыктануу менен айта алам. Биз беш жыл бою биримдиктүү, бекем команда болдук. Азыр кайсыл бир себептерден улам, айрым кесиптештерибиз биздин арабызда эмес. Ошентсе да, биз иштеген беш жыл ичинде бирөө дагы “качкан” жок, “корккон жок”. Албетте, команданын негизги күчү – Өмүбек Чиркешович Текебаев. Чоң соккулар, бут тосуулар дагы Өмүрбек Текебаевдин шыбагасына тийип жатты. Ага көп жылдар бою куугунтуктар, жалган жалаалар, куру дооматтар артылып келсе дагы, мынчалык ыплас каралоого, ачыктан-ачык фактыларды бурмалоого эч ким дааган эмес эле. Атамбаев режими, өз өлкөсүндө алдамчылыкка шектелген  чет элдик аферисттин көрсөтмөсү менен, мыйзамды бузуп, аны жана партиялаш досу Дүйшөнкул Чотоновду камакка алды.

– Силерге көбүнчө кандай кине коюшат?

– Биздин партияны качан болсо оппозиция тарапта, сындаганды эле билишет, альтернатива сунушташпайт деп айыптап жүрүшөт. Мындай сындарга айтар жообум, биз көп жылдан бери Өмүрбек Текебаев башында туруп жаздырган баш мыйзамдын негизинде жашап жатабыз. Ошол Конституциянын аркасы менен, өлкөдө демократиянын, мыйзамдын, сөз эркиндигинин анча-мынча сепилдери сакталып турат. Андан сырткары, партия лидери Текебаевдин жана башка партиялаштардын демилгеси менен, коррупцияга каршы күрөшүү, шайлоо өткөрүү, сот системасын реформалоо, жарандарды сүткөр шылуундардан коргоо, мамлекеттик кен-байлыктарды сактоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, орус тилине расмий макамын берүү жөнүндөгү мыйзамдар иштелип чыккан. Бул мыйзамдар аркылуу демократиялуу, өнүккөн Кыргызстанды курууга болот. Бул мамлекеттик масштабдагы глобалдуу демилгелер.

– Эми расмий эсептерге кезек берсек. Беш жыл аралыгында фракция эмне иштерди аткарды?

– “Ата Мекен” парламенттик фракциясы 11 депутаттан турат. Бул аралыкта 324 мыйзам долбоору сунушталып, жыйырмага жакын долбоорго колдоо көрсөтүлдү. Биздин депутаттар 200гө жакын жыйын өткөрсө. Анын ичинен көчмө жыйын – 14. 35 620 жаран менен жолугушуп, каттарына жооп бердик. Биздин кесиптештер, оппозициянын өкүлдөрү катары эки комитетти жетектешти. Алар, бюджет жана каржылоо, экинчиси коррупцияга каршы күрөшүү, кылмыштуулукка бөгөт коюу. Мыйзамдар боюнча айтсак, биздин депуттар демилгелеген эң маанилүү долбоорлор – мөңгүлөрдү коргоо, жерт тилкелерин мыйзамдаштыруу жана медицина кызматкерлеринин статусу боюнча.

– Сиз мурдагы чакырылыштын дагы активдүү депутаттарынын бирисиз. Азыркы Өкмөттүн ишине кандай баа бересиз? Канчалык эффективдүү иштеп жатышат?

– 2008-жылдан бери уланып келаткан дүйнөдөгү экономикалык каатчылык коронавирус пандемиянын таасиринен улам күчөп кетти. Пандемиянын экономикалык, социалдык кесепети адамдардын жашоо-шартын түп тамырынан өзгөрттү. Экономикасы алсыз, жаш мамлекетибиз дүйнөлүк экономикалык жана саясий алптардын басымы астында көбүрөк жапа чекти. Бул аз келгенсип, коррупцияга малынган, иштин көзүн таба албаган башкаруучуларыбыз жалынга май чачышты. Өкмөт сызга отуруп калды. Коронакризис буга далил.

Анан калса, бул Абылгазиев же Бороновдун өкмөтүнүн эле ишинин кыйроосу эмес. Бүткүл мамлекеттик машинанын чабалдыгынын белгиси. Өкмөт эл алдындагы милдеттеринин бирин дагы аткара алган жок. Таажы тумоосунун экинчи толкуну каптай турган болсо, даярдыгыбыз бары жогу эмгиче белгисиз.

– Эми тажатма болсо деле, өкмөт эл үчүн иштеши үчүн эмне кылышыбыз керек деген суроону берейин?

– Башкарууга акылдуу, билимдүү, аркасы таза, кесипкөй адамдардан турган команда келиши керек. “Ата Мекен” партиясынын жаңыланган курамы “Жаңы дем” программасы менен бул мүнөздөмөгө төп келет. Бизге, сотторду реформалоо, тумчуккан адамга таза абадай керек болуп турат. Соттор таза жана жеткиликтүү болууга тийиш. Коомдо адилеттүүлүккө суроо-талап күчөп турган чакта, укук коргоо органдарынын, күч структураларанын реформасы керек. Адамдар мындан ары коррупция, ээн баш орган кызматкерлеринин кылык-жоругуна чыдабай калды.

Эркиндик алган жылдары өкмөт жоопкерчиликти адамдардын өзүнө арта салып жаман көнүштү. Саламаттыкты сактоо, билим берүү коммерциялашып калды. Бул өтө жаман көрүнүш. Билим сапаты жана билим алуу, жарандардын ден соолугуна кам көрүү мамлекеттин милдети. Анын негизги иши. Медициналык камсыздоо, билим берүүнү каржылоо жаатында чоң өзгөрүү керек.

Өлкөнүн потенциалы бир нече топтун капчыгына эмес, жарандардын жакшы жашоосуна жумшалууга тийиш. Биз чоң нерсени кыялданганды үйрөнүшүз керек. ХХI кылымда медайымдын айлыгын кантип көтөрөбүз деп баш катырганыбыз туурабы?! Аны талкуулап отурбай эле аткарыш керек.

– 20 жылдан кийинки Кыргызстанды кандай элестетесиз?

– Биздин ийгилигибиздин өзөгү – билим берүү болуусун каалайм.

Булак: elgezit.kg