Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы 28-августта билдирди. 

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын Нурлан Сырдыбаев, Мээримбек Койчуманов жана  Осмон Турдумамбетов алды. 

Алар буга чейин мандатын тапшырган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болгон Зиядин Жамалдиновдун,  Алтынбек Жунус уулунун жана  «Кыргызстан» партиясынан депутат болгон Данияр Төлөновдун ордуна келишти. 

Булак: media-center.kg