- Автандил Анисович айтсаңыз, Бишкек административдик сотунун «Кыргызстан» саясий партиясынын арызы боюнча чечими укуктук жактан канчалык туура болду?
- Шаардык соттун чечими соттук өндүрүштөгү маселенин юридикалык маңызы менен мазмунуна байланыштуу жалгыз гана туура чечим болду.
- Бирок, «Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү сотко ыраазы болушса, алардын оппоненттери, жарандык коомдун өкүлдөрү нааразы болуп жатышпайбы соттун чечимине. Деги бул маселе кандай чечилиш керек эле?
- Эми нааразы болгон башка партиялардын жана НПОлордун өкүлдөрүн түшүнсө болот. Себеби, алар айткандай, кечээ эле Боршайком «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетип койгон болсо, бүгүн сот Боршайкомдун чечимин жокко чыгарып, «Кыргызстанды» шайлоого кайра аттануусуна жол ачып жатпайбы. Ушундан улам, чындык кайда, адилеттүүлүк кайда деп жаткандары да резондуу. Бирок, чын-чынына келгенде, Боршайком менен «Кыргызстандын» ортосундагы маселе - бул укуктук эле маселе, бирок барган сайын саясатташып баратат. Ошондуктан, шаардык административдик сот өз чечимин кабыл алып, аны угузуп жатканда отурумду «жабык» өткөрбөстөн, тескерисинче, журналисттерди, башка партиялардын өкүлдөрүн чакырып, аларга да угузуп, керек болсо, түшүндүрмө берип койсо болмок. Албетте, сот, судья өзү кабыл алган чечим боюнча эч кимге түшүндүрмө бербегенге укуктуу. Бирок, бул маселенин тигил же бул тарабына чечилишине кызыкдар тараптар көп болгондуктан, маселенин маңызы боюнча судья так айтып койсо, көпчүлүк түшүнүп эле калмак. Сотко да нааразычылык болмок эмес.
- Сот караган маселе ушунчалык эле татаал беле?
- Кеп анда деле эмес. Бирок, бул жерде көңүл бөлө турган эки орчундуу маселе бар.
Биринчиден, кандай гана сот болбосун, ага келип түшкөн конкреттүү арыз боюнча гана ишти карайт. Шаардык сотко «Кыргызстан» партиясы Боршайкомдун чечимине каршы доо арыз менен кайрылган. Анда Боршайком мыйзамсыз негизде «Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттабай койду жана партиянын документтерин кайтарып берди. Боршайкомдун чечими мыйзамга туура келбейт, аны жокко чыгарып бериңиз деген өтүнүч келтирилген.
Экинчиден, сот өндүрүштөгү маселени маани-маңызы боюнча, орусча айтканда, «по существу» гана карайт. Бул аспекттен алганда, Боршайком кандай негизде «Кыргызстандын» талапкерлеринин тизмесин каттабай койду жана ал негиз мыйзамдуубу – маселе мына ушунда жатат. Боршайком «партиянын документтерин ыйгарым укуктуу өкүл эмес, башка адам тапшырган» деген негизде каттабай койгону маалым.
Эми мыйзамга келели. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 7-бөлүгүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуунун негиздери белгиленген. Ал жерде 7 негиз аныкталган: 1). Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тиешелүү документтерди бербей коюу; 2). Талапкерлерди көрсөтүү тартибинин сакталбай калуусу; 3). Талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; 4). Талапкердин башка партиянын тизмесинде да катталып калуусу; 5). Партия шайлоо фондун түзбөгөн учуру; 6). Талапкердин башка мамлекеттин жараны болуусу; 7). Партиянын шайлоого 6 айдан аз калганда катталган учуру.
Мыйзамда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу негиздеринин катарында «партиянын документтерин атайын өкүл эмес, башка адам тапшырса, ал партиянын тизмеси катталбайт» деген негиз жок.
Мына ушундай мыйзамда жок негизге таянган Боршайкомдун чечими мыйзамдын чегинен чыгып кеткен.
Ошондуктан судья Ч.Досмамбетова төрагалык кылган шаардык соттун чечимин мыйзамдуу болду деп гана айта алабыз.
- Эми Боршайком шаардык соттун чечимине макул болбой, Жогорку сотко кайрылса, маселе кайсы тарапка чечилет деп ойлойсуз? Деги апелляциянын канчалык келечеги бар?
- Мыйзам боюнча, апелляцияда ушул эле маселе, ушул эле маңызда жана мазмунда коюлат. Андай болсо, жогорку инстанциядан принципиалдуу башка чечим күтүүгө мыйзамдуу негиздер деле жок.
-Ыракмат.