Бул тууралуу онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Н.Үсөнбаевдин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 43 миң 587 адам катталган.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 18;
- Ош шаарында 3;
- Чүй облусунда 12;
- Ош облусунда 14;
- Талас облусунда 6;
- Нарын облусунда 3;
- Ысык-Көл облусунда 24;
- Жалал-Абад облусунда 27;
- Баткен облусунда 21.