Ырчы Курал Чокоев менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев ортосундагы кайым айтышуу уланып жатат. Бул ирет Курал Чокоев Кайрат Примбердиевге нааразычылыгын билдирди:

“Кайрат, билбейм эмнеге ушундай жолго бардын?! Элге жарыялабай эле бүтүрчү иш эле, бирок, сен ушул жолду тандадың. Чалсам албайсың жолугуп бетме-бет сүйлөшөйүн десем”.

Учурда эки ырчы мырзанын ортосунда эмне келишпестик болуп жатканын ачык айтышкан эмес. Болгону социалдык тармактагы баракчалары аркылуу бири-бирине нааразычылыктарын жазышууда.

“Билбейм эмнеге ушундай жолго бардын?! Элге жарыялабай эле бүтүрчү иш эле, бирок сен ушул жолду тандадың, чалсам албайсың жолугуп бетме бет сүйлөшөйүн десем. Мен мындай демекчимин –сага айланып өткөнгө караганда, секирип өткөн оңой !“деп жазган ал.

Кайрат Примбердиев “Боюм менен ишиң болбосун! Боюм кодо болгону менен оюм жогору!”,-деп жооп берди.

Эскерте кетсек, Кайрат Примбердиев Курал Чокоевди сүйлөшүүгө чакырган.

“Курал, мен муну сенден күткөн эмесмин. Канча жылдан бери мен сенин досуңмун деп айтып жүрөсүң. Бул кылган ишиң туура эмес. Эгер сен эркек болсоң, келип бетме-бет сүйлөш ”, – деген Примбердиев.

Булак: Элгезит