Турсунбай Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талапкерлер тизмесинен кантип чыгып калганы тууралуу түшүндүрмө берди. Ал бүгүн, 26-августта маалымат жыйынын өткөрүп, Адахан Мадумаров экөөнүн ортосундагы пикир келишпөөчүлүктү мындайча чечмеледи:

“Курултайда талапкерлердин тизмеси бекитилген, мен анда 15-орунда болчумун. Бирок эртеси тизме өзгөрүп кеткенин уктум. Бир түндүн ичинде өзгөрүптүр. Мен Адахан иниме жаздым: “Мыйзам боюнча курултай бекиткен тизмеде биз бар элек. Эми өзгөрүп кеткен экен, өзүбүздү таппай калдык”, - деп. Ал мени штабка келип кетүүмдү суранды. Барсам анын кабинетинде Суваналиев, генерал Асанов, Сариев, Мурат Малабаев бар экен.  “Туке, капа болбоңуз эми, сизди артка жылдырдык”, - деди Адахан. “Айткан сөзүң кайда калды, алдыдагы 20 орун менен шайлоого кетесиңер, мага профессионалдар керек дегениң кайда?” – дедим. Ошондо Темир Сариев айтып калды: “Ажыке, шайлоого акча керек экен, акча бергендерди алдыга коюп жатабыз”, - деп. Канча керек деп сурасам, 200 миң доллардан берип жатышат дешти. “Менде андай акча жок, он миң сурасаң да дос-тааныштан таап беришим мүмкүн эле. Менин алдыма Атамбаев чимкирик деген депутаттар туруп калыптыр, элге эмне деп айтабыз, таза партиябыз деп алып “чимкириктер” деп барабызбы?” – дедим. Анан айттым, Адахан жигит деген сөзүнө туруш керек. Менин калп айтканымды көргөн жоксуң, сөзүмдөн танбайм. Ошондуктан Турсунбай Бакир уулу алдыңкы орунду ээлесе шайлоодо утулуп калабыз десең, артка жылдырып сала бер. Бирок сөзүмдө туруп партияга иштеп берем дедим. Мени 22-орунга жылдырган экен, “Эрк” партиясынан кошулгандарды карасам 100дүн ары-бери жагында жүрүшөт.

3 күн мурда Суваналиевге, генерал Асановго, Рахман Разыковго телефон чалдым. Рахман Разыков айтты: “Мен тизмени көргөн жокмун, азыр Ошто жүрөм”, - деп. Анан дагы Мадумаров тизмени эч кимге көрсөтпөй, кабинетинде жашынып алып түзүп жатышат дегенди уктум. Кабинетке тизме түзсө, курултай өткөрүп, тизме бекитип не кереги бар? Мен айттым, курултайда мыйзамдуу түрдө тизмеге жазылгам, мен жалгыз эмес, “Эрк” партиясы менен “Бүтүн Кыргызстанга” кошулгам дедим. Эгер жылдырып салышса БШКга арызданам, сотко кайрылам. Бул сөзүмдү Асановго айткам Адаханга жеткир деп. Ал аманат сөзүмдү жеткириптир. Бул мыйзамдын бузулушу. Мен дайыма бийликке каршы күрөшчү элем, тилекке каршы бийликте жок Мадумаров да ушундай кылды”, - деди Турсунбай Бакир уулу.