31-августун Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 29 жыл толот. Өлкөнүн тагдырындагы башкы маанилүү күн өткөн жылдарга сарасеп салып, жетишкендик менен кемчиликти талдоого алып келет. Кыргызстан 29 жыл ичинде өз киндигин өзү кесип, кыйынчылык менен тоскоолдук, ийгилик менен үзүрдүн коштоосунда тарыхын жаза алды. Экономикасын түптөөгө башка өлкөлөр сыяктуу сырткы инвестицияга басым жасады. Анын башкы багыты - тоо-кен тармагы болду.
Кыргызстандагы алтын кендеринин арасындагы көлөмү боюнча экинчи орунда турган “Жерүй” ийгиликтин тепкичтерин ишенимдүү басып келатат. Кен чыгуучу жайдын тарыхы чоң, анан калса алтындын багы көпкө ачылбай, аны иштетүүгө алган инвесторлор туура келбей, маселе жаралганын көптөрү биле бербесе керек. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкен 30 жылдын дээрлик жыйырма жылын “Жерүй” ишенимдүү, жаратман колду издөөгө арнады.
“Жерүй” кен чыгуучу жайы 1968-жылы аныкталган. Талас облусунун чыгыш тарабындагы тоодон Түндүк-Кыргыз экспедициясынын геологдору алтын кенин табышкан. 1985-жылдан тартып ал жерде долбоорлоо- иликтөө иштери жүргөн. Кыргызстан көз карандысыз мамлекетке айлангандан кийин, 1992-жылы “Жерүй” “Кыргызалтын” мамлекеттик концернине кошулган. Ошондон бери кен байлыгын мамлекеттик үлүштү кошуу менен ишке киргизүү аракети ишке ашпай келди. Ал эми 1993- жылы Талас тоо –кен комбинатынын курулушу мамлекеттик каржылоонун жоктугунан токтоп калган. Бул маселени кен байлыкты инвестордун колуна тапшыруу менен чечкиси келген өкмөт Morrison Knudsen Gold америкалык компаниясы менен тендерсиз эле келишим түзөт. Бирок тилекке каршы, жыл айланбай америкалык компания банкрот болуп, анын “Жерүйдөгү” активдери канадалык компанияга сатылат. Ал болсо ТЭО иштеп чыгып, Кыргызстандан кошумча салык жеңилдиктерин талап кылгандыктан, өлкө кызматташуудан баш тартат. Бул өлкө үчүн оңойго турган жок, компания сотко берип, анын кесепетинен чоң суммадагы доого жыгылат. Айтор, “Жерүйдүн” жолу болбой, бир инвестордун колунан экинчисине өтүп, Талас облусуна да, мамлекетке да пайдасын тийгизе алган жок. Кен байлыгынын бактысы “Алтын Альянс” компаниясы жеңип чыккан ачык-айкын өткөн сынакта ачылды. Аталган компания бардык милдеттерин так аткарып, мамлекеттик казынага жыл сайын олуттуу сумма төлөгөн инвестор болуп чыкты жана анысы менен “Жерүйдү” ийгиликке жетеледи.
Талыкпаган эмгек жана дасыккан тажрыйбанын арты менен “Жерүй” жакында биринчи алтынын чыгарат. Өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жылдарда “Алтын Альянс” бир да жолу мамлекеттен салык жеңилдиктерин сураган жок. Аны менен катар жергиликтүү калктын жашоо-турмушун жакшыртууга, аймактын социалдык маселелерин чечүүгө көмөгүн көрсөтүүдө. Ушул жерден белгилей кетели, канадалык компаниянын кыргыз өкмөтүнө койгон доосун “Алтын Альянс” төлөп берди.
“Жерүйдүн” багын “Алтын Альянс” ачты деп эмнеден улам айтууга болот? Биринчиден, компания кен байлыгынын өндүрүүгө даярдыкка кеткен бардык чыгымын өзү көтөрөт. Алтынды өндүрүү жана кен байлыгын иштөө акыбалында кармап туруу да өтө көп чыгымды талап кылат, бул дагы компаниянын моюнунда. А мамлекет каражат алуу жаатында гана катышат.
Экинчиден, компания өзүнө тийиштүү бардык милдеттерин так аткарууда, кен чыгуучу жайдын курулуш иштерин жүргүзүп, ошол эле убакта мамлекетке алтын өндүрүү иштери башталганга чейин эле салык төлөп келет.
Бир катар эксперттер “Жерүйдүн” тагдырындагы жалгыз туура чечим “Алтын Альянс” утуп чыккан ачык-айкын сынакты өткөрүү болгонун убакыт далилдегенин белгилешет. Алардын айтымында, компаниянын иштөө шартын жана мамлекетке кошкон салымын эске алганда өлкө тарыхында буга чейин тоо-кен жаатында мындай долбоор болгон эмес.
“Ишкананын курулушуна мыкты эл аралык практика колдонулду. Өлкө үчүн мыкты шартты сунуштаган компания жеңишке жетишкен. Теоретикалык жактан алып караганда, мындан ашык келишимди ойлонуу мүмкүн эмес. “Жерүй” долбоорундагы мамлекеттин үлүшү мамлекет инвестор сыяктуу эле кен байлыгын иштетүүгө каражат кошууга тийиштигин билдирет, а бул сумма дээрлик 1 миллиард долларга жетет. Казынадан мынча акчаны табуу мүмкүн эмес, ошондуктан өкмөт эң жакшы вариантты тандады – ири каржы салуу боюнча милдетти инвесторго өткөрүп берди, ал өз убагында салык жана башка төлөмдөрдү төлөөгө милдеттендирет”, - дешет эксперттер.
Талас тоо-кен комбинатын ишке киргизүүгө чейинки инвестиция бардык зарыл объектилердин инфраструктуралын эске алганда 2015-жылдан 2019-жылга чейинки төрт жыл ичинде 273 миллион долларды чапчыды. Анын 171 миллиону 2019-жылдын ноябрь айына чейин өздөштүрүлгөн. Бул каражаттардын көп бөлүгү Кыргызстанда калат, анткени кен чыгуучу жайда атамекендик компаниялар, жергиликтүү тургундар иштешет.
Компаниянын өндүрүш кубаттуулугун колдоо боюнча ишмердүүлүгү жүргөн 26 жыл ичинде жабдыктарды оңдоо, жер алдындагы кен казуу ишканасынын курулушуна салынган каражат 223, 3 миллион долларды түздү. Бул каражаттын да көбү Кыргызстанда калат.
“Жерүй” жаңы оператордун колуна өткөн 2015-жылдан баштап бюджет жана бюджеттик эмес фонддорго компания 602 миллион сом төлөдү. Андан тышкары “Бакубат Талас” фондуна 450 миллион сом кошумча которду. Аталган фонд Талас облусундагы социалдык долбоорлорду каржылайт, кичи жана орто ишкерчиликти өнүктүрүү максатында ылдыйкы пайыз менен насыяларды берет.
Ал эми Кыргызстандын бюджетине кен ишке кире электе эле компания 2 миллиард сом салым кошту. Алдыда алтын өндүрүү иштери башталса, “Жерүйдүн” жардамы мамлекетке жана Талас аймагына тийип, дагы көптөгөн социалдык маселелер жөнгө салынаарына ишеним чоң,