Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин адвокаттары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) үстүнөн Башкы прокуратурага арыз беришет. Бул тууралуу Кыргызстандагы жактоочуларынын бири Тимур Карабаев “Азаттыкка” билдирди.

Жактоочулар Бобомурод Абдуллаев качкын макамын суранып арыз бергенине карабай, атайын кызмат журналистти Өзбекстанга өткөрүп бергенин туура эмес деп эсептешет. Ошондой эле жактоочулар арызында УКМКнын журналистти кармаганы мыйзамсыз болгонун жазышкан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өзбек бийлигинин суроо-талабы менен Бишкекте кармалып, убактылуу кармоо жайында отурган журналист Бобомурод Абдуллаевди 22-август күнү Ташкентке өткөрүп берген.

Булак: Азаттык