Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Нурадил Баясовго агенттиктин директорунун милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган парламенттин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 21-беренесине ылайык Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбектин кызматтык ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган болчу.

Булак: Баракелде