Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар ишеничтүү булактарына таянуу менен маалымдашты. 

Маалыматка таянсак, Алмазбек Орозалиевди жаңы кызматка дайындоо бюнча буйрук чыккан, бирок жаңы жетекчи эмгек жамаатка тааныштырыла элек.

Буга чейин Бишкек ШИИББди Канат Жумагазиев жетектеп келген. Ал парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан өз арызы менен кеткен.

Алмазбек Орозалиев 2015-жылдан бери ички иштер министринин орун басары болуп келген. 2020-жылдын 25-мартынан 11-майына чейин өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын комендантты болуп иштеген.

Булак: media-center.kg