Ички иштер министрлиги “Вотсап” жана башка социалдык тармактарда тарап жаткан “түнкүсүн учактар менен дары чачып, андан балдар ооруйт” деген аудио жалган экенин жана бул билдирүү боюнча тиешелүү ыкчам аракеттер башталганын маалымдады.

Милиция жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренеси (“Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу”) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип, мыйзам билбегендик жоопкерчиликтен бошотпоорун белгилейт.

ИИМ жалган маалымат таратуу фактыларын 102 кызматын кабарлоого чакырат. Буга чейин Республикалык штаб да “Вотсап” аркылуу тараган дары жөнүндө маалыматты четке каккан.

Булак: Азаттык