Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдети менен 186 адам катталды. Ал эми сутка ичинде адам өлүмү катталган жок.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 51 адам;
- Ош шаарында 3;
- Чүй облусунда 12;
- Ош облусунда 25;
- Талас облусунда 8;
- Ысык-Көл облусунда 35;
- Жалал-Абад облусунда 36;
- Баткен облусунда 16 адам.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптардын жалпы саны 42 889 адамды түздү.