Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.

- Өмүрзак Жолдош уулу, чыгармачылык иш сапарларда чет өлкөлөрдө жүрсөңүз да биздин гезит менен дайыма тыгыз байланышта болуп, жаңылыктарыңыз менен бөлүшүп турасыз. Эми минтип кутман курак 60 жаштын босогосунда жасап келаткан жана алдыда аткарчу иштериңизге бир саресеп салсак.

- Ооба, Байдылда акын айтмакчы, “Ашуудан отчёт” берели. А дегенде өмүр жаш, жакшылык, чыгармачылык мүмкүнчүлүк тартуулаган Жараткан Кудайга ыраазылык. Минтип чыгармачылыктагы жаңылыктарымды гезит жана сайт аркылуу коомчулукка жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп турганыңыздар үчүн сиздерге ыраазылык билдиргим келет.

- Сиз сценарийин жазып, команда топтоп, каражатын таап, продюсерлик кылган “Президент жана бомж” кыргыз элинин эң сүйүктүү саналуу тасмаларынын бирине айланды. “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Төңкөрүш” фильмдериңиз да көпчүлүктүн көөнүнөн орун таба алды. Мурда журналист, жазуучу болуп жүрүп кино тармагына кандайча келип калдыңыз?

- Таласта райондук, облустук, республикалык “Ленинчил жаш, “Советтик Кыргызстан” гезиттеринде кабарчы, “Ак бата”, “Ак жол”, “Жаңылык” гезиттеринин башкы редактору болуп иштегем. 1993-жылы Москвадагы адабият институтунун курсунан билим алып, эл аралык жазуучулар союзунда кыргыз адабияты боюнча кеңешчи болдум. Журналистика менен кошо адабиятты ала жүрүп, аңгеме, повесттерди жазып келдим. Жазгандарымдын көбү киного ылайык болгонунан “Кыргызфильмге”, “Казакфильмге” сценарийлеримди сунуштагам. Анан 2012-жылы өзүм чымырканып “Президент жана бомжду” тартууга кириштим. Анын артынан “Президент жана бомж-2ни” тарттык. Кыргызстандан тышкары Астана, Москва, Берлин, Парижден. Ал эми “Москва сүйүүсүнө” орустун белгилүү кино жылдыздары А.Панкратов-Чёрный, Александр Песков, Лев Прыгунов, Бари Алибасов тартылды.

- Көркөм фильмдерден тышкары Назарбаев тууралуу даректүү тасма, Путин тууралуу китеп да чыгардыңыз. Ушул саясий тасма жана китеп тууралуу айтып кетсеңиз.

- 12 ай бою такай көркөм тасма тартып жүрө албайбыз да. Коомдук турмушка назар салабыз дегендей. 2011-жылы “Жаңылык” гезитин чыгарып жүргөнүмдө Путин тууралуу Рой Медведевдин китебин окуп, Орус лидеринин турмушундагы кызыктуу окуяларды элге бөлүшкүм келип, гезитке сандан санга котортуп жарыяладым. Кийин кино тартып Россияга барганымда ал жактагы мекендештериме китептеги маанилүү учурларды айтсам, көпчүлүк абдан кызыкты. Ошондо ал котормого Путин тууралуу Кыргыз коомчулугунун пикирин кошуп кыргызча китеп чыгаруу ою келди. Москвада иштеп-жашап жүргөн кыргыз бизнесмени Болот Ташбулатов каржы жагынан колдоп, китеп чыгарып, Москвада бет ачаарын өткөрдүк. Кийин кино боюнча Казакстанда көп болуп, Назарбаевдин жасап жаткан тарыхый иштерин кыргыз коомчулугунун өкүлү иретинде даректүү тасма менен чагылткым келди.

 - Путин менен Назарбаев ыраазылык билдиришти беле?

- Путиндин маданият тармагы боюнча кеңешчиси, кадимки Лев Толстойдун небереси Владимир Ильич ыраазылык билдирип, Москванын жазуучулар союзу “Юрий Лермонтов” медалы менен сыйлашты. Назарбаев болсо Казак парламентинин депутаты Бекболат Тилеухан аркылуу ыраазылык билдирип, алар кийинки “Миллионердин сүйүүсү”, “Төңкөрүш” кинолорду тартууда колдоо көрсөтүштү. Бирок, айрымдар ойлогондой миллиондорду коюңуз, жүздөгөн миң долларга марытышкан жери жок. Анткени, алар тууралуу такай тасмалар тартылып, китептер чыгып турат, мындай көрүнүш андай держава лидерлери үчүн көнүмүш, кадимки окуя. Антсе да, мындай эл аралык долбоорлор алар үчүн да, чыгарма жараткан автор үчүн да дайыма жагымдуу жана баалуу.

 - Эми “Манастын уулу Семетей” тасмасын тартууга белсенип турасыз?

 - Буйруса. Россия, Казакстан киночулары Кытайдын “Бир алкак – бир жол” (“Жибек жолу”) менен биргелешип тартууга киришкени турганыбызда таажы тумоо тоскоол болду. “Казакфильм” эски замандын кийимдерин, курал-жарактарын, буюмдарын акысыз берсе, Москвалык өнөктөштөрүбүз монтаж, үн коштоо, 3Dга айлантуу жумуштарын жасашып, жалпы Россия боюнча кинотеатрларга коюуну уюштурушмакчы.

- Ошондо Кыргыз тарап да колдомокчубу?

 - Кыргыз өкмөтү, ал кездеги Компартия борбордук комитети 1939-жылы “Манастын уулу Семетей” тасмасын тартууга чечим кабыл алып, кийин 1946- жылы башташып, кайра токтошкон экен. Демек, “Манастын уулу Семетей” 80 жылдан бери тартылбай келаткан фильм. Кудайым буйруса, аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго да кайрылдым, башка тарыхый тасмаларчылап миллиондогон доллар эмес, бир миллион доллардын үчтөн бири өлчөмүндө колдоону, ал каражатты тасманы кинотеатрларга коюудан кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирип.

- Кыргыз эли үчүн кылымдык зор тарыхый окуя болмок “Манастын уулу Семетей” тасмасы тартылса. Бул эл аралык долбоор жасоо аракетиңизге биздин мамлекет да кайдыгер карап четте калбасына ишенебиз.

- “Куданыкы Кудайдан” дейт. Сценарийди орус, англис, түрк тилдерине котортуп чет өлкөлүк киночуларга сунуштап, биргелешип туртууга чакырдым эле, баары колдоп жатышат. Аманчылык болсо, бул кылымдык тарыхый долбоор жакында жүзөгө ашаарына ишеним чоң.

- Казакстан, Кытай киночулары менен кинго долбоорлоруңуз бар экендигин да билдирип жүрөсүз.

 - Менин сценарийлерим боюнча талкуулашып, Казак кесиптештерим менен “Карахан таажысы”, Россиялыктар менен “Социализм трагедиясы”, Кытайлыктар менен “Бактылуу болгула” кино фильмдерин тартууну макулдашканбыз.

Акбермет  Айжигитова, Булак: “Майдан. kg” гезити