Бишкекте электробустар пайда болуп, алар үчүн бардык инфраструктуралык шарттар түзүлүп, атайын жол линиялары бөлүнүшү мүмкүн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, долбоорду Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) жардамы менен ишке ашыруу пландалууда. Бул максатта АӨБ менен Кыргызстандын Каржы министрлигинин ортосунда шаардык транспортту электрлештирүү долбоору боюнча өз ара меморандумга кол коюлду. Долбоор 58,9 млн долларга бааланууда. АӨБ 50 миллион доллар бөлүп, анын 15 миллиону грант болот.

Долбоор төрт бөлүктөн турат:

- абага зыяндуу заттарды чыгарбаган автобус паркын модернизациялоо. Бул этапта заманбап энергияны үнөмдөөчү аккумулятордук электробустар, кубаттоочу инфраструктураны (подстанция, электромонтаждык жана курулуш иштери) жана автобустарды тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу каралган;

- автобус депосунун инфраструктурасын модернизациялоо. Бул компонент өзүнө жаңы электробустар үчүн бардык аба-ырайына ылайыктуу унаа токтотуучу жайларды курууну камтыйт;

- электробустар үчүн пилоттук түрдө «жашыл» коридор түзүү. Жолдордо атайын коридорлорду уюштуруу, башка каналдар боюнча жол кыймылын бөлуштүрүү, токтотуу пунктарын модернизациялоо жана башка;

- Бишкектеги автобустардын ишинин туруктуулугун жогорулатуу.

Эгер мэриянын бул планы ишке ашса, анда экономикалык жактан гана ыңгайлуу болбостон, борбор калаанын экологиясы да бир топ тазара түшмөк.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити