Кыргызстан быйыл суу аз болгондуктан Казакстандан 500 млн кВт/саат электр энергиясын импорттоону пландоодо. Бул тууралуу 12-августтагы селектордук жыйында Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров билдирди. Анын айтымында, муну менен күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүп кетүүгө болот.

Божомолдор боюнча 2020-жылы октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,9 млрд куб метрди түзөт. Мурдагы жылдары ушул мезгилде ал 17-19 млрд куб метрге чейин жетчү.

Улуттук эгергохолдинг авариялык өчүрүүлөрдүн санын дагы азайтууга ниеттенүүдө. Холдингдин башчысы ар бир райондук электр түйүндөрүнүн жетекчилери күз-кыш мезгилиндеги авариялык өчүрүүлөр үчүн жооптуу болорун эскертти.

Буга чейин «Түндүкэлектр» ишканасы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу электр кубаты тартыш болору күтүлүп жатканын айткан.

Өкмөт 2020-жылдын башында эле суунун аз болорун божомолдогон. Бассейиндердин көбүндө суунун деңгээли нормадан 10-12% пайызга төмөн болору күтүлүп жатканы белгиленген.

Ал эми кошуна Тажикстан өздөрүндө суу сактагычтарда суу аз топтолуп жаткандыктан, жай саратанда эле Өзбекстан, Афганистан сыяктуу кошуналарына электр энергиясын экспорттоону токтотуп, өлкө ичинде жарандарга чектөөлөрдү азыртан эле баштады. Айтор, быйылкы кыш оор болчудай.

Булак: “Майдан. kg” гезити