Бишкек шаардык мэриясы №54 мектепте мыйзамсыз акча чогултулганын аныктады. Муниципалитеттин маалымат кызматы бул боюнча окуучулардын ата-энелери арызданганын билдирди.

Шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгы бул факт боюнча өз иликтөөсүн жүргүзүүдө. “Директордун тамагы жана башка керектөөлөр үчүн” деп акча чогулткан мугалим жумуштан бошотулду. Мектеп директору И.А.Борисовага сөгүш жарыяланды. Ушул тапта билим берүү башкармалыгы директорду кызматтан алуу маселесин кароого ниеттенүүдө.

2019-жылы октябрда Билим берүү жана илим министрлиги административдик персоналга жана педагогикалык жамаатка ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган буйрук чыгарган.

Мектептердин өкүлдөрү каржы маселелерин кароодо камкордук кеңештеринин жана ата-энелер комитетинин ишине катышпайт.

Өлкөдө соңку жылдары ата-энелер мектептин ар кыл керектөөлөрү үчүн акча чогултууга нааразы болуп келишет. 2019-жылы 13-сентябрда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 50дөн ашуун ата-эне митингге чыккан. Ушул эле жылы апрелде буга окшогон митинг Новопавловка айлында өткөн. Кийинчерээк алар Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшүп, мындан кийин мектеп директору алмашкан.

Чындыгында март айынан бери окуучулар онлайн режимде окушкандыгына карабай, борбор калаадагы мектеп жетекчилери ата-энелерден ремонтко, кошумча сабактарга жана башка төлөмдөрдү ойлоп табышып, акча чогултуу адатын улантышууда. Андыктан тийиштүү мамлекеттик кызматтар бул маселени тыкыр көзөмөлгө алууга тийиш. Антпесе ата-энелердин нааразычылыгы айланып келип бийликке, түз эле президентке багытталууда.

Булак: “Майдан. kg” гезити