Менин жашоом - бул менин гана жашоом.
Зомбулукка "жок" деп ар бир аял айтууга тийиш.
Аялдын укугу - бул кимдир бирөөнүн апасынын, эже-карындашынын укугу.
Биз кандай кийинишибиз керек, өзүбүздү кантип алып жүрүшүбүз керектигин башкалар чечкендей куурчак эмеспиз.
Зомбулук ар кандай болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүк зомбулук, жумуштагы сексизм же аялдардын ар-намысына шек келтирген роликтер.
Ар кандай формадагы зомбулукту жасаган адам алсыз, эрксиз жана кубаттуу эмес, өзүнө ишенбейт, ошондуктан өзүнүн кыйындыгын ушундай жол менен далилдегиси келет.
Биздин мамлекет өлкөдөгү аялдарга жасалган зомбулуктун бардык формаларын токтотууну колго алуусу керек.
Соцтармактардагы зомбулукка чакырган ар кандай билдирүүлөр көзөмөлгө алынууга тийиш.
Айнура Сагынбаева, дарыгер - косметолог