Биз баркын билбеген бир керемет бар. Бул Эркиндик. Каалаганыңдай жашайсың. Каалагандай тайраңдап басасың. Кааласаң жатасың. Кааласаң ичесиң...кыскасы сен эркин учкан бүркүттөй асманда айланасың... Анткени сен эркин адамсың. Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин жаранысың...

Эгер сен мүнүшкөр таптаган бүркүттөй болгондо эмне болмок элең? Туурга көндүрүп коймок. Башында томого. Көңүл ачып чер жазыш үчүн аң уулоого алып чыкмак. Аркандалган карышкыр менен түлкү же бакма коёнго салмак. Элдин баары жаалап кыйкырып кол чаап турмак. Сен болсо элдин черин жазган соң башыңа томогоңду кийгизип мүнүшкөрүң колуна кондуруп алып кайра тууруңа алып барып байлап коймок...

Дал ошол бүркүттөй биздин жашоо. Баркын билбей жаткан эркин мамлекетибиз бар. Өз туубуз, гербибиз, Президентибиз бар.

Анан эң негизгиси биз баркына жете албай жаткан керемет Кыргыз жерибиз бар. Чет өлкөлүк туристер келип алып канча таң калышат. Элибиздин пейилине жана меймандостугуна. Кыргыз ушунчалык жакшы эл. Ич ара ызылдашкан менен сырткы душманга же бир башыбызга кыйынчылык келгенде бир муштумдай бириге калабыз. Ошону көрүп алып кыргыз болгонума сыймыктанам. Мен эч качан чет өлкөгө кетким келбейт. Балдарым да ошондой болсо экен деп ойлой берем...

Эми сөздүн ток этер жери мындай. Шайлоого катыша турган партиялардын съезди жакындап калды. Биринин артынан бири съезд өткөрүп туруп шайлоого аттанат. Ар бир партияда дос тууган, куда-сөөк,классташтар, досторубуз бар.

Анан шайлоо башталаары менен сенин партияң менин партиям деп чабыша баштайт.

Бирок, ошол партиялардын көптүгү менен кошо элге алып келип жаткан зыяны канча? Бөлүнүү жарылуу ушул партиялар аркылуу өтөт. Президенттен биздин партия бата алып чыктык деген эле лидерлер.

Ыраматылык Чубак досум айтмакчы, мен молдомун баарына бата бере берем дегендей,  Сооронбай Шарипович кыргыз республикасынын президенти. Эптеп жолун таап, эшигин каккылап барган кишилерди кир дейт да, батасын берет. Анткени президент баарына бата берүүгө милдеттүү. Анан чуркап чыгып эле төш кагып башташат. Президент бизге бата берди деп... Шайлоого катышып, элдин ишенимине ээ болобуз десеңиздер элди ынандырып көргүлө. Эл канчалык деңгээлде колдойт, канчасы сатылат аны турмуш көрсөтөт... Эң негизгиси беш жылдык мандат менен значок үчүн элдин арасында ажырым болбосо экен. Эл бөлүнбөсө экен деп тиленип отурам. Башыбызга томого кийип калбай эркин учалы.

Жашасын Кыргызстан! Эң башкы байлыгы болгон элибиз аман болсун! Эч качан бөлүнбөйлү. Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин эркин учкан бүркүтүндөй эркин бололу.  

Жамалбек Ырсалиев