КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун тапшырмасына ылайык жана кыргыз тараптын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча Ислам Республикасынын Иран Өкмөтү 2020-жылдын 14-августунда COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүгө Кыргыз Республикасына гуманитардык жардамдын экинчи партиясын жөнөттү. 

Кыргызстанга коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүгө жиберген достук өлкөнүн гуманитардык жардамынын экинчи партиясы медициналык жабдыктардан (ИВЛ, термометр жана пульсоксиметр), ошондой эле COVID-19 илдетин аныктоочу каражаттардан (ПЦР-тест жана ИФА-анализ) турат.  

Гуманитардык жүктү тапшыруу салтанатына кыргыз тараптан – КР ССМ статс-катчысы К.Т.Шадыханов, Ирандагы Кыргызстандын элчиси А.Абдуразаков жана Кыргызстандагы Ирандын элчиси Саид Харази катышты. 

Иран тараптан көрсөтүлгөн гуманитардык жардам бул өлкөнүн Өкмөтү тарабынан сыноодон өткөрүлгөн коронавирус менен болгон кыйынчылыктарга карабастан, эки мамлекеттин ортосунда өз ара колдоого негизделген жылуу бир туугандык мамилелердин бар экендигин айгинелейт.