Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң чектен чыккан көрүнүштөрдүн бири болгон - 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы кандуу окуяларга бир жыл болду. Бир жыл алгачкы жыйынтыктарды чыгарууга жетишерлик убакыт. ХХI-кылымдын укуктук, моралдык жана саясый жетишкендиктеринин тутумдарынан алганда Кой-Таштагы окуялардын уюштуруучусу - мурдагы президент А.Атамбаевдин жоругу саясый телибайчылыктын, укуктук наадандыктын жана моралдык эң төмөнкү деңгээлдеги деградациянын демонстрациясы болуп калгандыгын ачык айтууга тийишпиз. Мындай жорук цивилдүү дүйнөнүн эч жеринен табылбайт, ХIХ-ХХ- кылымдарда деле болгон эмес. Азыр ганнибалдар жашаган банан өлкөлөрүндө гана болушу мүмкүн. Демократиялык укуктук коомду курабыз деп жаткан Кыргызстанда мындай көрүнүштүн орун алгандыгы - өлкөбүздүн тарыхындагы жууса кеткис кара так, цивилдүү дүйнөнү жийиркендирген чектен чыккан прецедент  болуп кала берет.

Кой-Таш окуясы эмнелерден улам келип чыккан? Биз ага кылчайбайлык дедик эле, бирок ал окуялардын активдүү катышуучулары, аны теңирден тескери көрсөтүүгө аракеттенишкен  Ф.Ниязов, Р.Жээнбеков, М.Мискенбаев, И.Карамушкина, А.Кодуранова, К.Жолдубаева сыяктуулардын жакында сайттарга чыккан Билдирүүсү менен таанышкандан кийин  окуялардын хронологиясы жөнүндө окурмандардын эстерине сала кетүүнү чечтик.

Алмаз Атамбаевге кандай айыптар коюлган?

Атайын комиссиянын корутундусунун жана Жогорку Кеңештин депутаттар тобунун демилгесинин негизинде Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 20-июнундагы токтому менен А.Ш.Атамбаевге каршы төмөнкүдөй алты пункт боюнча өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча күнөө коюлган: чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ок атуучу куралдарды мыйзамсыз берүү;    криминалдуу авторитет А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу; Кой-Таш айылында участокту мыйзамсыз алуу; мыйзамсыз баюу; Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция; Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүрдү мыйзамсыз жеткирүүгө катышуу.

Жогорку Кеңештин токтому жана убактылуу атайын комиссиясынын корутундусу КРнын Башкы прокуроруна  мурдагы Президент А. Атамбаевдин иш-аракетинде ал Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилде кылмыш белгилери боюнча корутунду берүү үчүн жиберилген.

Башкы прокурор  атайын комиссиянын материалдарын карап чыгып, алты пунктунун ичинен беш пункт боюнча КРнын мурдагы Президенти А.Атамбаевдин иш-аракетинде өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар деген корутунду чыгарган. Алар төмөнкүлөр: “Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоодо, кол коюуда жана ишке ашырууда коррупцияны уюштуруу; А.Ш.Атамбаевдин түздөн-түз контролунда, координациясында жана анын тапшырмасы менен А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу; Кой-Таш айылында анын үйү жайгашкан жер участогун мыйзамдарда белгиленген тартипти сактабастан алуу;  бир катар жасалма (ойдон чыгарылган) бүтүмдөрдүн негизинде С.Пархатиден алынган мыйзамсыз кирешени легалдаштыруу; Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүрдү мыйзамсыз жеткирүү.

Башкы прокурордун корутундусунун негизинде  Жогорку Кеңеш 2019- жылдын 27-июнунда А.Ш.Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу жөнүндө токтом кабыл алган.  ИИМдин тергөө кызматынын А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча КРнын Жазык кодексинин 319-беренесинде (коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча буга чейин КЖБРда катталган кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында А.Атамбаевди күбө катары суракка чакыруу зарылдыгы келип чыккан.

Атамбаев Кой-Ташта чыныгы террорчуга айланган

Суракка чакыруу КРнын Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен жөнгө салынат.  А.Атамбаевдин өкүлдөрүнө анын жашаган жери Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы дареги боюнча иштин абалы жөнүндө көрсөтмө берүү үчүн Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына келүүгө үч жолу чакыруу кагазы берилген, биринчиси – 2019-жылдын 9-июлунда саат 10.00го, экинчиси – 2019-жылдын 11-июлунда саат 10.00го жана үчүнчүсү - 2019-жылдын 19-июлунда саат 10.00го.

Бирок А.Атамбаев жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарын четке кагып, ЖМК аркылуу суракка келүүдөн ачык эле баш тартып, эгерде аны мажбурлап алып келүү аракеттери көрүлө турган болсо, ок атуучу курал колдоно тургандыгын билдирген.

Бул жагдайды эске алуу менен Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан А.Атамбаевди анын жашаган жери боюнча суракка алуу чечими кабыл алынып, 2019-жылдын 22-июлунда  Ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов жана тергөө тобунун жетекчиси Э.Ж.Аширходжаев А.Атамбаевдин үйүнө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылына тергөө иштерин жүргүзүүгө барышкан. Бирок, А.Атамбаев үйүндөгү өзүнүн тарапташтары менен мыйзамдын талаптарын бузуп, аларды үйүнө киргизбей коюшкан.

Жазык-процесстик кодекстин 189-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык суракка чакырылуучу адам дайындалган мөөнөттө келүүгө, же келбей калган себептери жөнүндө тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына алдын ала билдирүүсү керек. Анын ачык эле тергөө органдарына суракка келүүдөн баш тартуусу КРнын мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат.

Кодекстин 58 жана 121-беренелерине ылайык шектүү, айыпкер, жабыр тартуучу, күбө жүйөлүү себептерсиз чакыруу боюнча келбей койгондо, тергөөчүнүн же судьянын (соттун) жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча аны мажбурлап алып келиши каралган.

Жогорудагылардын негизинде, 2019-жылдын 1-августунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө тобунун жетекчиси Э.Ж.Аширходжаев ИИМдин Тергөө кызматына А.Атамбаевди мажбурлап суракка алып келүү жөнүндө токтом чыгарган.

ИИМдин Тергөө кызматынын 2019-жылдын 1-августундагы тапшырмасын аткаруу максатында А.Атамбаевди мажбурлап суракка алып келүү үчүн УКМК тарабынан  55 ыкчам  кызматкерлерден  турган топ түзүлгөн.

Түзүлгөн кырдаалды жана мажбурлап суракка алып келүүчү ыкчам кызматкерлердин өмүрлөрүнө жана ден соолуктарына коркунуч бардыгын эске алуу менен УКМК ыкчам бөлүмчөсүнүн рапорту боюнча ыкчам кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо үчүн УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы кызматынын (мындан ары – “А” АБК) күчтөрүнүн 55 кызматкери тартылган. Алар ок атуучу курал менен эмес, атайын каражаттар категориясына кирген желим ок менен атуучу помпалык мылтыктар жана жарык-добуштуу гранаталар менен гана куралданган.

Ошентип, 2019-жылдын 7-августунда болжол менен саат 19:45де Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында УКМКнын ыкчам кызматкерлеринен түзүлгөн топ тарабынан А.Атамбаевди мажбурлап суракка алып келүү боюнча иш-чаралар башталган.

А.Атамбаевдин үйүнүн короосунун дарбазасы жабык болгонуна байланыштуу УКМКнын ыкчам кызматкерлери такылдатып жана өздөрүн тааныштырып, тергөө тарабынан тапшырма берилгендигин айтып, дарбазаны ачууну суранышкан. Тилекке каршы, А.Атамбаевдин тарапташтары, дарбазаны ачуудан баш тартышып, барган кызматкерлерди үйдүн короосуна киргизбей коюшкан.

Эшиктен жана дарбазадан кире албастыгына көздөрү жеткен “А” АБКнын кызматкерлери ыкчам кызматкерлерди үйдүн короосуна киргизүү үчүн тосмодон секирип кирип, дарбазаны ачуу чечимине келишкен. Андан аркысы белгилүү. Кечки саат 9.30-10дордо Атамбаевдин ар тараптан келишкен тарапташтары таштарды, күйүүчү аралашма куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышып, дарбазанын жанында турган “А” АБКнын кызматкерлерин таяктар жана арматуралар менен урушуп, дарбаза аркылуу үйдүн короосуна  УКМК кызматкерлерин сүрүп түртүү менен үйгө кирип келишкен жана аларды уруп-согушуп, куралдарын, ок дарыларын тартып алышып, форма кийимдерин чечип алышкан.  Анда Атамбаевдин тарапташтары 14 даана АК-74 автоматын жана алардын 1680 даана патронун, 18 помпалык куралды, 15 пистолетти жана алардын 435 патронун тартып алышкан. Анын натыйжасында УКМК кызматкерлери денесинен жаракат алышып жана ок тийип жарадар болушкан, ал эми 6 кызматкер Атамбаевдин үйүндө барымтага алынган.  Анда да  УКМК кызматкерлери ок атуучу куралдарды колдонушкан эмес. “Тез жардамдын” кызматкерлери барышып, жарадарларга жардам көрсөтүшүп, барымтага алынгандарды ооруканага жаткырууну  суранышканда Атамбаевдин тарапташтары ага макул болушкан эмес. Р.Жээнбеков барымтадагыларды бошотуу боюнча комиссиянын суроолоруна жооп берип жатып “А.Атамбаев барымтадагыларды бошотуу боюнча эч кандай чара көргөн эмес, ошондой эле ал коркок экендигин, өз үйүнүн бурчуна качып, жашырынып, ал жактан чыкпай, бизди да өзү менен сүйлөшүүгө киргизбей койгон…” деп билдирген.

АША хан сарайынын 3 кабатынын бир бөлмөсүнүн эшигине темир тор орнотуп, бурчуна кум толтурулган каптарды жыйып, артында Драгунов снайпердик винтовкасын кучактап отурганын дүйнө эли көрдү. Ал 3-кабатка кирүүгө аракет кылгандарды аткандыгын да ошол жерде айтып мактанган. Анын натыйжасында 9 адамга ок тийип, атайын бөлүктүн командиринин орун басары, полковник Ү.Ниязбеков оор  жарадар болуп, ооруканада көз жумса, старшина З.Райымбеков бир көзүнөн айрылып, операциялардын аркасы менен гана аман калды. Ал эми башына таш тийген ИИМдин Чүй облустук башкармасынын жетекчиси, полковник С.Курманкулов Москвада алты айдан ашык дарыланып, араң сакайып келди.

Жалпысынан 225 адам ар түрдүү жаракаттарды алышса, алардын 200гө жакыны ИИМдин, УКМКнын кызматкерлери болуп саналышат. Ал эми мамлекеттик жайларга келтирилген зыяндын көлөмү 14, 1 миллион сомду түзгөн. Мындай оор кылмыштар  үчүн АША, аны менен кармалгандар керт баштары менен жооп берүүлөр керек.

Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан мамлекеттик кызматкерлерди аткылап, бирин өлтүрүп, 9ун жарадар кылуу менен  А.Атамбаев террористтердин катарына кошулгандыгын ачык айтуу зарыл. Мыйзамга моюн сунбай, анын талаптарын аткарууга келгендерди аткандардын террористтерден кандай айрымалары бар?

Мына эми мыйзам алдында жооп берерде жогоруда айтылган Билдирүүдө айтылгандай, колдору менен кылгандарды танышып, жалгандарды айтып жандарын жешүүдө. Алардын иштери боюнча соттук кароолорду тездетпесе, алар мындан ары да ашыкча ызы-чууларды  көбөйткөнгө  аракеттенише беришет.

Экс-президентке дагы кайсы пункттар боюнча айыпталышы керек эле?

Башкы прокуратура, Жогорку Кеңеш, депутаттык комиссия мурдагы президент А.Атамбаевдин кылмыштарына, жоруктарына өтө эле кечиримдүү, либералдуулук менен мамиле жасап, көбүнө көңүл да бурбаганын ачык айтуу керек. Биздин оюбузча, АША жогорудагылардан сырткары төмөндөгү пункттар боюнча да айыпталып, өз жазасын алышы керек эле, бирок  алар азырынча  ага карата козголгон кылмыш иштеринин алкагынан сыртта калып келатат. Алар кайсылар?

Биринчи. Ал премьер-министр, президент болуп  турганда Россиянын 123 жаранына мамлекеттин эсебиндеги ок атуучу куралдарды бекер таркатып берген.

Экинчи. Мамлекеттик эң жогорку кызматтык орунду пайдаланып, Кыргызстандын аймактарында жашагандарды шылдыңдап, мазактап, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирген. Таластын эли эл деле эмес, Ысык-Көлдүн эркектеринин баары бандиттер, алардан көрө  уйлар жакшы, нарындыктар Нарындын суусун булгоодо деп, айрым аймактардын  Кыргызстандан  бөлүнүп, кошуна өлкөлөргө кошулуп кетүүлөрүн  айткан. “Манасты” бандитке теңеген. Ч.Айтматовду алдаган, кекээр сөздөрдү айткан. Эл алдында уят сөздөрдү сүйлөгөн.

Үчүнчү. Өзүнүн  кызматтык функционалдык милдетин жетишерлик аткарбаган. Бир жумада 1-2 күндөн гана жумуш ордуна келген, калган убактарда мамлекетттик дачада  мас абалында гитара чертип жаткан.  Алты жылдын ичинде запойлорун кошпогондо 26 жолу эмгектик өргүүгө чыккан. Элден түшкөн арыз-даттанууларды караган да эмес. Мыйзамсыз алган айлыктары, сыйлыктары мамлекетке кайтарылуусу керек.

Төртүнчү. Алты жылдын ичинде  Кыргызстандын сырткы карызын 2 эсе көбөйткөн. Энергетика тармагынын сырткы карыздарын 102 миллиард сомго жеткирип,  кыйроо абалына такаган.

Бешинчи. “РусГидро” менен келишимди  бир жактуу денонсациялап, мамлекетти мойнуна 37 миллион долларлык карызды илген.

Алтынчы. Кыргызстандын тоо кен тармагынын таланып, тонолуп, биротоло коррупцияланып кетүүсүн уюштурган. Көз карандысыздыктан берки берилген лицензиялардын 3/2си АША президент болуп турганда таркатылган. Айрым  тоо кен тармагына тиешеси жок адамдар 42ден лицензия алышкан.

Жетинчи. Стратегиялык уран өндүрүү тармагын саткан. Уран кендерин чалгындап, иштетүү бонча 14 лицензиянын бардыгы ал өкмөттү, мамлекетти жетектеп турганда берилген.

Сегизинчи. Коррупциялык кадрдык баш аламандык саясатын жүргүзүп, мамлекеттик башкаруунун абалын кескин начарлаткан. Же ичтен чыккынчылык  кылып, мамлекетте  криминалдашкан коррупциялашкан  кландык башкарууну орноткон.

Тогузунчу. Дача-СУдагы  авиакырсыктын  негизги күнөѳкөрлөрүн, кымбат баалуу жүк ээлерин жашырган. Бул аягына чыгаруусу зарыл.

Онунчу. Өзүнүн кирешелери, байлыктары, кредиттер ж.б. боюнча элге дайыма жалган маалыматтарды таркатып, элди алдаган. Алсак, ал Түркиядагы бизнесин 35 миллион долларга саткандыгын айткан, бирок ал иш жүзүндө 27 миң гана доллар болгон. 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы оңдолуп, энергиясына 120 мегаватт гана кошулган. Бирок, ал жаңыдан 300 мегаватт электр энергиясын өндүрөт, иш жүзүндө жаңы ЖЭБ курулду деп элди алдаган.

Он биринчи. “Белизгейт” боюнча кайниси А.Сегизбаев экөөсү мыйзам алдында жооп берүүсү зарыл. Ал да жасалма документтер аркылуу  элди алдап, саясый атаандашын  жалгандан жаманатты кылган.

Он экинчи.  АШАнын 2017-жылдагы салыктык декларациясын текшергенде Субихи Пархати деген адам андан  54 миллион сомго “НПП Форум” ЖЧКсын сатып алгандыгы көрсөтүлгөн.  Бирок, анча  акчанын төлөнгөндүгү тууралуу тийиштүү документтер жок. Же ал да элди алдоо.

Он үчүнчү. АША президент болуп турганда Ак  үйдүн жанындагы жалпы аянты 940 чарчы метрлик подвалды “Элдик  дружиналар союзу” деген коомдук  уюмга берип жиберген. Мамлекеттик № 1-стратегиялык обьекти менен жер алдынан туташкан обьектини бирөөлөргө берүү – өлкөнүн коопсуздугуна эң чоң коркунуч келтиргенге тете иш. Ал үчүн АША керт башы менен жооп бериши керек.

Он төртүнчү. Кошуна өлкөлөрдүн лидерлери жөнүндө жаман сөздөрдү айтып, алардын биз менен болгон мамилелерин бузуп, элге ири өлчөмдөрдө материалдык, финансалык  зыян келтирген. Өйдүк сөздөрү менен Кыргызстандын эл аралык  имиджин түшүрүп, шылдың кылган.

Он бешинчи.  Назгүл Тулееванын айтымында, президенттик шайлоо учурунда АША анын атасынан 500 миң доллар карыз алып, кийин сураса, ага карата  иш козготуп, ондогон миллион долларлык бир катар мүлктөрүн конфискация кылдырган. Бул факты боюнча да кылмыш иши козголуусу зарыл.

Он алтынчы. 2010-жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда кабыл алынган Баш мыйзамда 2020-жылга чейин ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынган. Бирок, АША аны бузуп, 2016-жылы Башмыйзамды өзгөрткөн.

Он жетинчи. АШАнын Ысык-Көлдүн жээгинде  бир нече гектар жери бар. Алар качан, кандай жолдор менен алынгандыгы текшерилип, укуктук баа берилүүгө тийиш.

Он сегизинчи. Анын буйругу менен Ф.Ниязов, И.Илмиянов башында турган топ “Вечерний Бишкек” гезитин рейдерлик жол менен тартып алган.

Он тогузунчу. Ал премьер-министр болуп турганда Байтиктин жанынан 35,6 гектар жерди мыйзамсыз түрдө айыл чарба жерлери деген макамдан чыгарып, элиталык шаарча салууга бир ишкерге өткөрүп берген.

Жыйырманчы. “АКА инвест”, “Терек-Сай  жаштары” деген компаниялар менен биргеликте жүздөгөн миллион сомдук афераларды ишке ашырууга аракеттенген.

Булар ушул убакка чейин ачыкка чгарылган  негизгилери гана. Ал ачыкка чыгарыла  электери булардан да көп.

Атамбаев бийликти күч менен басып албаса, ѳзү камаларын түшүнгѳн

Бишкек ЖЭбин модернизациялоодогу, Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы, Улуттук тарых музейин оңдоп, түзөтүүдөгү ири коррупциялык механизмдер ашкереленип, Кылымдын аферасы деп аталган Бишкек ЖЭБин жаңылоодо эле 5,5 миллиард сомдун уурдалгандыгы ачыкка чыгып, башка шектүү иштери да текшериле баштагандан кийин мурдагы президент А.Атамбаев мыйзамдын укуругу этели-кеч сөзсүз өзүнө да жетээрин, андан бийликке өзү же кармалгандардын бири келмейинче кутулбасын түшүнүп, бардык саясый, уюштуруучулук жана каржылык ресурстарын мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярдоого жумшоого өткөн. 2019-жылдын 17-мартында, 7-апрелинде, 8-июнунда, 3-июлунда “Форумда” өткөргөн митингдеринде ал тууралуу өзү жана соратниктери ачык эле айта башташкан. Алсак,  2019-жылдын 3-июлунда “Медиа Форум” имаратынын алдында

А. Атамбаев, Р. Жээнбеков, М. Мадеминов, А. Артыков, К. Орозова, И. Карамушкина, А. Кодуранова, К. Жолдубаева, Ф. Ниязов, М.Айтикеев, М.Мискенбаев, Ф.Баабиев   жана башкалардын катышуусунда өткѳрүлгөн митингде  А..Атамбаев өкмөт менен парламенттин отставкасын талап кылып: “Ушул жерден деле мага канча курч бала келип айтып жатат: “Байке биз барбайлыкпы тигил жакка, жетелеп барбайсызбы”, - деп. Мен токтотуп жатам. Бирок, бир күнү эл кетсе, эл деген сел да, эмне болот аягында? Аягында жаман бүтөт, мүмкүн Кыргызстан бөлүнүп кетет...”деп сепаратисттик маанайдагы опузасын айтса, И.Карамушкина: “Артка жол жок. Азыр тарыхый учур: биз каршылык көрсөтүү акциясын баштайбыз. Биз бүгүн биримдикте болсок.... Бул бийликке биз тынчтык бербейбиз. ...Биз туура ишти жасап жатабыз, жеңиш биздики болот!” деп бийликке күч менен каршылык көрсөткөнү  жатышкандыгын ачык билдирген. Анын аягында   бийликке алардын талабын канааттандыруу үчүн 2 ай мөөнөт беришип, болбосо масштабдуу иш-чараларды уюштуруу жөнүндө ультиматум түрүндөгү талап коюшкан.

2019-жылдын 19-июлунда “Апрель” телекомпаниясынын директору Д.Ложников “Фейсбуктагы” өз баракчасына А.Атамбаевдин тарапташтары анын үйүнө боло турган чабуулдан коргонууга даярдык көрүп жатышкандыгы тууралуу пост жарыялаган.

2019-жылдын 5-августунда А.Ш.Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен жолугушуу учурунда: “Азыр бул территория Кой-Taш. Пока. Менин айылым суунун аркы жагында. Мен негизи суунун аркы жагына үй салайын дегем, анан бул жакта айылдаш бир иним бул үйдү сатып ал деп... Бирок, азыр карасам бул дагы Кудайдын жазганы экен. Бул үйдүн баары, боз үйдүн баары туура чыгып жатат. Анан мен сезип жатам, бул өзүнчө эле музей болгон турат да “Койташская народная республика” болуп” деген дагы  сепаратисттик мааниде билдирүү жасаган.

Ушул эле мезгилде А.Ш.Атамбаевдин кээ бир тарапташтары аймак аралык кастыкты тутандыруу аракеттерин көрүшүп, YouTube социалдык тармагында “Атамбаев, тарапкерлери эмнени эңсеген?” (“Фархат Баабиев” жана “Аман” дегендин ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүүсү) деген аталыштагы видео-публикация жайгаштырылган, анда А.Ш.Атамбаевдин активдүү тарапкери Ф.Баабиев “Аман” аттуу жигит менен болгон телефондук маегинде “… Короче деген Чүйдө жашап жаткан оштуктарды талкалаш керек, муну региональный конфликт кылыш керек да, чоң. Оштуктарды кеткиле ошуңарга деп, оштуктардын бизнесин өрттөш керек, оштуктардын өздөрүн сабап, Чүй оштуктарга кысым кылыш керек. Ошондо правительство ойгонот, ошондо лидерлер чыгып, ошондо переворот болот!...”деп бийликти күч менен басып алууга, аймактардын элдерин бири-бирине кайраштырып, массалык кагылышууларды, тополоңдорду уюштурууга чакырык жасаган.

Булардын баары мурдагы президент А.Атамбаевдин көз алдында, анын ачыктан ачык жактырып, шыктандыруусунда болгон.

Бир сөз менен айтканда, А.Атамбаев Кой-Ташта мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин биримдигине каршы  бузуп-жаруучу иш аракеттерди гана жүргүзүп, анын аягы кан төгүүлөр, массалык башаламандыктар, бйликти басып алууга аракеттенүү, мамлекеттик жана жеке менчиктеги мүлктөргө ири өлчөмдөгү зыяндарды  келтирүү менен аяктаган. Андай иштерди жасагандардын мыйзам чектеринде өз жазаларын алып, келтирилген зыяндардын күнөѳкөрлөрдөн өндүрүлүүсүн жалпы эл чыдамсыздык менен күтүп жатат.

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити